Аналитика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
20/02 23:59
 

«Washington Post»: Сириялык оппозициянын катарында «Аль-Каиданын» жоочулары жүрөт

«Washington Post»: Сириялык оппозициянын катарында «Аль-Каиданын» жоочулары жүрөт

Америкалык аткаминерлер «сириялык оппозициянын катарын «Аль-Каиданын» мүчөлөрү аралап кетти» деп жатышат

Бейшемби күнү АКШ чалгын кызматынын өкүлү «Аль-Каиданын» мүчөлөрү бир катар сириялык оппозициялык топтордун катарына аралашып кетти, болжолу Сириянын баш калаасы менен ири шаарларында бир аз мурда болгон жардырууларга алардын катышы бар деп билдирди.
АКШнын Улуттук чалгындоо башкармалыгынын директору Джеймс Р. Клаппер террористтик уюмдун мүчөлөрү сириялык оппозициянын катарына кирди деп ырастайт.
«Өткөн жылдын декабрь айында Дамаскиде болгон эки жардыруу, ошондой эле өткөн аптада Алеппо шаарындагы коопсуздук жана чалгын кызматынын имаратына кол салуу «Аль-Каиданын» террористтеринин аракеттерине абдан окшош болду», - деп айтты Клаппер. Ал Ирактагы террористтик түйүндүн филиалы «Сириядагы өз ишмердүүлүгүн кеңейтип жатат» кошумчалады.
Клаппер «Аль-Каида» мурдагыдай эле өзүнүн бар экенин көрсөтүүгө ынтызар экендигин жана анын мүчөлөрү президент Башар Асаддын өкмөтүнө каршы чыгып жаткан оппозициялык топтордун катарын толукташы мүмкүн экендигин айтты.
«Аль-Каиданын» экстремисттери «эч кандай шектенбеген бир катар оппозициялык топтордун катарына кириши мүмкүн», деп билдирди Клаппер Сенаттын куралдуу күчтөр боюнча комитетинин алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө.
Чиновниктердин пикиринде, АКШнын атайын кызматтары Сирияга кошуна мамлекеттерден согушчандардын келишин каттаган жок, ал эми оппозициялык күчтөр мурдагыдай эле бири-бири менен ит арка болуп бириге албай жатат. Буга кошумча оппозицялык топтордун башын бириктире турган лидердин да пайда болушу күмөн болуп турган чак.
«Биз ушул кезге чейин оппозициянын катарында башкалардын жүргөнү тууралуу уга алган жокпуз», -деп айтты Аскердик чалгын агенттигинин директору генерал-лейтенант Рональд Берджесс. «Бизде буга чейин «Аль-Каиданын» мүчөлөрү оппозициянын катарына кирди деген эч кандай маалымат жок. Ал эми Сириядагы террористтик топтун мүчөлөрү болсо колунда барын пайдаланып жатышат», -дейт ал.
Берджесстин комментарийлери «Аль-Каиданын» лидери Айман аль-Завахиринин Түркиядагы, Ирактагы, Иорданиядагы жана Ливандагы жоочуларга «Ассадга каршы колдо болгон күчтү мобилизациялагыла», деген видео кайрылуусунан бир нече күндөн соң айтылды.
Америкалык аскерлердин айтымында, былтыр араб дүйнөсүндө болгон көтөрүлүштөрдүн учурунда «Аль-Каида» экинчи планга жылып, анын Ирактагы филиалынын артынан шиит козголоңчулары түшүп, сүрмөлөгөндөн кийин кайра топтолууга аракет кылган.
Америкалык чиновниктер «Сирияда болуп өткөн жардыруулар «Аль-Каиданын» мурдагы террордук аракеттерине окшош болду, бирок муну аныктоого мүмкүн болбой жатат» деп ырасташты.
Клаппер өз кезегинде «Аль-Каиданын» сириялык оппозициянын катарында болушу «биз байкоо салып турган кезектеги тынчсыздандырчу көрүнүш», деп белгиледи. Клаппер сырттан кийлигишүү болбосо Сириядагы согуштук иш-аракеттер жарга такалат деп билдирди.
Американын атайын кызматтары Ассаддын айланасындагылар болуп кетчү төңкөрүшкө даярданып жатканын байкашууда. «Биз Асаддын режиминин айрым жогорку даражалуу лидерлери эвакуация пландарын карап жатышканы, үй-бүлөлөрүн алып кетүүнүн жолдорун издегени, ошондой эле акчасын которуунун жолдорун караштырып жатканы тууралуу байкап жатабыз», дейт Клаппер.

Грег Миллер
«Washington Post», 17-февраль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу