Аналитика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
19/02 16:43
 

«Jamestown»: Рахмон Акаев баскан тырмооктун башын баскан атат

«Jamestown»: Рахмон Акаев баскан тырмооктун башын баскан атат

Тажикстан Кытайга 6 миң гектар жерди ижарага берет

Тажикстандын Айыл чарба министрлиги тарабынан жактырылып, Кытайга алты миң гектар жерди өнүктүрүү максатында ижарга берүү тууралуу талаш туудурган план өлкөнүн саясий оппозициясы тарабынан шектенүү менен кабыл алынды. Кытай аткаминерлери өлкөгө 2 миллион долларды түз инвестиция катары беребиз деп убада беришти, анын ичинде акыркы жылдары начар уюштуруудан улам айдоого жараксыз болуп калган жерди жандандырыш үчүн техникалык жардам, ошондой эле жаңы техника берүү жагы да каралган. Келишим боюнча кытайлыктар бул жерге өстүрүлгөн түшүмдү Тажикстандын базарларында гана сата алат. Азырынча Адбдулрахмон Джоми районунан 50 гектар, Руми районунан 415 гектар жер берилди жана ошондой эле Йовон районунан кошумча 200 гектар жер берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Оппозициянын сынына жооп кылып айыл чарба министринин катчысы Назрулло Додобоев келишимди коргоп чыкты жана «кытайлыктар айдоого жараксыз болуп калган жерлерди калыбына келтирет. Аларга Тажикстанга түшүм сатуу менен өздөрүнүн инвестициясын актап чыгыш үчүн эки жыл, төрт ай талап кылынат» деп билдирди. Тоолуу өлкө болуп саналган Тажикстанда болгону 6,25% гана айдоо жери бар, алардын 1 пайыздан ашыгы түшүмдү жыл бою айдаш үчүн пайдаланылат.
Тажикстандагы айыл чарба тармагын, айрыкча советтик доордон калган эски ирригациялык системаны эске алганда, өнүктүрүү зарылдыгы баарына маалым. Ошого карабай айрымдар бул ижара келишим тууралуу сын-пикирлерди айтып жатышат жана өлкөнүн аймагында иш алып барып жаткан эл аралык уюмдар менен иштешүүдө ачыгыраак шериктештик ыкмаларына чакырышууда. Мурдагы айыл чарба министри Вахоб Вахидов буга окшогон долбоордун туруксуз экенин айтат жана кытайлыктар мындай долбоорду Сибирде ишке ашырганын да белгилейт. «Бул идея жаман эмес, бирок кытайлыктар Сибирде ар кандай маселелерди пайда кылышкан... Алар Сибирдин бактарын кыйып, аларды Кытайга жөнөтүшкөн. Кытайлар болгону продукция алууну, сатууну, баюну жана бул жерде калып калууну көздөп жатышат. Ошондуктан шарттарды кайра карап чыгуу керек».
Былтыр да Бадахшон провинциясынын талаштуу аймагынан 1,158 чарчы чакырым жер Кытайга берилген, ошондуктан Кытайдын өсүп бара жаткан экономикалык таасирин ого бетер кеңейте турган бул келишим ар кандай түшүнбөстүктөрдү пайда кылды. Президент Рахмондун администрациясы жогоруда аталган талаштуу аймакты абдан ийгиликтүү дипломатиялык жүрүш жасап, талаш-тартыштуу жердин 1 пайызын гана бергенин, ошону менен Россия империясынан бери карай келе жаткан талашты жакшылап жөнгө салганын айтып мактанган. Бирок сынчылар жерди берүү Конституцияга туура келбейт жана улуттук көз карандысыздыкты коопсуздукка калтырат деп чыгышкан. Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухадин Каббири бул чечимди сынга алды. «Кытайга биздин аймактан 1 миң чарчы чакырым жерди берүүнү дипломатиялык жеңиш деп эсептегенге болбойт. Болжолу муну көргөн башка өлкөлөр да Тажикстан менен жер талашып чыгат», - дейт ал. Башка өлкөлөр деп ал Өзбекстан менен Кыргызстанды айтып жатат, алар Тажикстан менен талаш жерлери бар жана маал-маалы менен буга байланыштуу чыр-чатактар чыгып турат.
Советтер Союуз кулагандан бери президент Эмомали Рахмон улуттук эгемендүүлүккө катуу басым жасоо менен Тажикстандын эркиндигин калыбына келтирүүгө умтулуп келет. Рахмондун аймактык бүтүндүккө жасаган басымынын негизинде, Тажикстандын Афганистан менен чектешкен түштүк чегарасында Россия өзүнүн чегарачыларынын көзөмөлүн жаңырта албай калды. Анын ордуна Рахмон Россиянын таасирин азайтыш үчүн АКШ, Кытай, Иран менен ар тараптуу ымала түзүүдө.
Кытай Тажикстандын эң ири соода шериктеринин бири болуп эсептелет, ал өлкөнүн тоо-кен тармагына 100 миллион долларлык түз инвестиция салган жана 200 миллион долларды эки өлкөнү байланыштырган башкы магистралды куруш үчүн жумшаган. Мындан тышкары Тажикстанда Кытайдын 50 компаниясы иштейт жана кытай инвестицияларынын көлөмү 1 миллиард АКШ долларынан ашты. Тажиктер уламдан-улам кытайлыктардын экономикадагы кожоюндук ролуна нааразыланып жаткан кези, муну менен катар эмгек акы берүүдө да тең укуктуулук жок. Эң ири компаниялардын бири болгон «Зарафшон Gold» компаниясы тажик жумушчуларына карата тең мамиле кылбаганы айыпталган. 2011-жылдын сентябрында 1500 жумушчу «кытай жумушчуларына салыштырмалуу төмөн айлык алабыз, инфляция өсүп жаткан маалда айлык акыны 30 пайыздык кыскартууга каршыбыз» деп нааразылык акциясына чыгышкан. Расмий статистикага таянсак , казылып алынган алтындын 75 пайызы Кытайга жөнөтүлөт жана болгону 25 пайызы гана Тажикстанда калат.
Тажикстандагы жумушсуздук аны Россияда иштеген эмгек миграттарынын акчасына эле көз каранды кылбастан, Тажикстанда көп сандаган кытай жумушчуларына да көз каранды кылды. Мунун баары тажиктердин кыжырын кайнатып жаткан кези. Тажик журналисти Фаромарзи Фосил «Тажиктер Россияга кетип жатат, кытайлар Тажикстанга келүүдө» деген макаласында «Тажикстандагы кытайлык компаниялар өз жумушчуларын ишке алаары түшүнүктүү болду. Тажиктер эмне кылышы керек? Эгерде кытайлар жана башка чет элдиктер баардык жолдорду, электростанцияларды, компаниялар менен заводдорду куруп жатса, бизге министрликтердин эмне кереги бар?», деген пикирин жазган.
Такжикстан көп тараптуу саясат жүргүзүп, өзүнүн шериктештери менен салттуу болуп калган Россиянын ролун тең салмактагысы келип жатат. Россиядан, АКШдан, Франциядан жана Индиядан айырмаланып, азырынча Кытай өлкөдө өзүнүн аскердик позициясын орнотууга умтулган жок. Ал Казакстан менен Кыргызстанда колдонгон соода байланышына, инфраструктураны жакшыртууга басым жасоодо . Муну менен Кытай Борбор Азиянын энергоресуртарына жетүү менен кытай товарларына рынок түзүп жаткан учуру. Өсүп бара жаткан экономикалык таасирлерине карабай, Кытай Россиядан, Батыштан, Ирандан айырмаланып Тажикстанда «жумшак күчтүн» жетишсиздигинен жабыр тартууда. Акыркы жылдары Кытай кытай тилин үйрөтүү боюнча кээ бир демилгелерди колго алуу менен өзүнүн дипломатиялык аракеттерин кылып көрдү. Бирок аймактагы маданий байланыштын жоктугу жана конъюнктуралык соодачыл саясат калк тарабынан тескери көз карашта кабыл алынаары ачыкка чыгып калды. Коомдун колдоосунун жетишсиздиги акыры аягы Рахмонду Кытайга карата «достугун» кайра карап чыгып, Россиянын таасирине кайтып келүүгө аргасыз кылышы мүмкүн.

Марк Винсон
«Jamestown», 13-февраль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу