Аналитика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
16/02 20:39
 

«Washington Post»: Иран менен АКШнын тирешүүсүнөн Индия жапа чегүүдө

«Washington Post»: Иран менен АКШнын тирешүүсүнөн Индия жапа чегүүдө

Иранга карата АКШнын күчөтүлгөн санкциясынан улам Индия теңсалмактуулук жолун издеп жатат

Нью-Дели. Дүйшөмбү күнү Нью-Делиде израилдик элчинин автоунаасы жарылды, бул факт Индия баардык тарап менен ымалага келүүгө тийиш экенин далилдеп турат. Себеби учурда Индия Кошмо Штаттар менен да, Изриаль менен да, ошондой эле Иран менен да жакшы мамилесин керектүү деңгээлде сактап калууга тырышып жаткан кези.
Иран жардырууга тиешеси жок экенин айтып чыкты, бирок бул окуя Индиянын үч мамлекет менен болгон мамилесин тең салмакта кармап туруу аракетине жолтоо болмокчу, көптөгөн жылдар бою Индия үч өлкөнү тең акылгөйлүк менен жайгарып, мамиле түзүп келген. Эми минтип АКШнын Иранга карата кысымы күчөгөн сайын, Нью-Делинин өкмөтү уламдан-улам кыйын абалда калууда: бир четинен ал Иран мунайына көз каранды жана Иранга каршы америкалык санкцияларга кошулгусу келбейт. Экинчи жагынан дал ушунусу менен Вашингтонго жаман көрүнүп, АКШнын улуттук коопсуздугунун душманына айланмакчы.
Дүйнөдө болуп жаткан эң эле күчтүү тирешүүдө бейтарап мамиледе калуу күтүлбөгөн жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн. Мунун айынан уранды байытуучу программадан баш тартууга Тегеранды аргасыз кылып Иранга кысым көрсөтүү боюнча бирдиктүү фронт түзүү мүмкүнчүлүгү гана ишке ашпай калбастан, дүйнөнүн ири демократиялык өлкөлөрүнүн ортосундагы өнүгүп келе жаткан мамилелер да коркунучка кептелүүдө.
«Биз АКШ менен Индиянын мамилесинин начарлап кетишинен качсак болот, бирок бул кайсыл бир деңгээлде оор жумуш», - дейт Вашингтондо жайгашкан Жаңы америкалык коопсуздук борборунун илимий кызматкери Ричард Фонтейн.
Иран Индияга чийки мунай жеткирүү боюнча экинчи орунда турган өлкө жана чиновниктер мунай сатуучуну алмаштыруу татаал жана абдан кымбат иш болоорун жакшы түшүнүп турат. Индиядагы экономикалык өнүгүүнүн солгундашынан жана мунайдын дүйнөлүк баасынын өсүшүнөн улам Нью-Дели буга окшогон кымбат чыгымдарга баргысы келбей турган кези.
Башка өлкөлөрдүн ишине кийлигишкиси келбеген Индия башында АКШ турган, мусулман өлкөсүнө каршы коалицияга кошулгусу келген жок. Бул Индия үчүн эң эле жаман саясий кадам болуп калмакчы.
«Биз Бириккен Улуттар Уюму киргизген санкцияларга кошулабыз», - деп билдирди өткөн айда тышкы иштер министри Ранджан Матай. «Биз мындан башка санкциялар негизсиз деп эсептейбиз жана башка позицияны кабыл албайбыз».
Акыркы жылдары Индия акырындык менен Иран мунайына болгон көз карандылыгын жоюп жатат жана Тегерандын импорт үлүшү 2010-жылы жана 2011-жылы 11,3%га чейин азайды. Ушул аптада Вашингтондо өткөн форумда Матай жогоруда аталган үлүш «10%га чейин азайды» деп билдирди.

Энергетика тармагындагы байланыштар
Эгерде дүйшөмбү күнү болгон жардырууга Ирандын катышы бар экени аныкталса жана айрыкча бул ишти Иран Индиянын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирип жергиликтүү ислам топторунун колу менен ишке ашырганы ашкерелене турган болсо, анда Нью-Дели менен Тегерандын ортосун «кара мышык аралай» тургандыгы айдан ачык.
«Иран менен Индиянын ортосунда абдан тыгыз мамилелер калыптанган жана алар ишенимдүү», - деп айтты Лондон Королдук институтунун бириккен кызматтарынын өкүлү Шашанк Джоши. «Ошол эле маалда Индиянын коопсуздук кызматтары өзүнүн ирандык кесиптештери менен айрым пикир келишпестиктери бар жана учурда басымдуу эл Индия Иранды эл аралык кысымдан коргоону токтотушун талап кылып чыгышы мүмкүн».
Буга карабай көпчүлүк талдоочулар «Индия Иран менен энергетика тармагындагы байланышын толук бойдон үзөт», - деп айтуу чындыкка коошпойт деп белгилешүүдө. Чыны менен ушул айда Индиянын делегациясы Тегеранга барууга ниеттенүүдө, ал жерден мунайга акы төлөөнүн жолдорун чечүү жагы каралат. Учурда АКШ Ирандын Борбордук Банкына каршы жаңы санкция киргизгендиктен, Иран мунайын сатып алууга акы төлөө кыйынчылык жаратып жаткан кези.
  Өткөн аптада Ирандын Индиядагы элчиси эки өлкөнүн ортосунда 45 пайыз төлөмдү Индия рупийи менен жүргүзүү тууралуу макулдашуу болгонун айтты. Бул валюта толук бойдон конвертирленген эмес жана буга окшогон төлөмдөрдө пайдаланылбоого тийиш. Тегерендын бул иши мунай жеткирүү жолдорун сактап калыш үчүн ал компромисске барууга даяр экендигин кыйытып турат. 
Индия Вашингтон сунуштап жаткандай Сауд Арабиясынан мунай импорттоону көбөйтүүгө умтулган жок. Сауд Арабиясы Индияга эң ири мунай жеткирүүчү болуп эсептелет, бирок анын аймакка радикалдуу исламды жайылтуудагы ролу шектенүү жаратууда.
«Биз Сауд Арабиясы менен сүйлөшөбүз, бирок биз анын Түштүк Азиядагы таасири учурда жакшы багытта экенинине толук ишенбей турган кезде отун жеткирүүдө толук көз карандылыкка түшүп калгыбыз келбейт», - деп айтты стратегиялык эксперт жана «Hindu» гезитинин башкы редактору Сиддхарт Варадараджана. «Мен Индияга Иран мунайын колдонбо жана баардык мамилени токтот деген таңуулоо болбойт болуш керек деп ойлойм».

Чыр-чатакка тынчсыздануу
Тегерандын арыз-арманына жана анын өз мекениндеги саясий жыйынтыктарына карабай туруп Индия Ирандын өзөктүк программасына каршы чыгаарын, ошондой эле Эл аралык атом энергетикасы боюнча агенттикте (МАГАТЭ) болчу добуш берүүдө АКШны колдоп Иранга каршы добуш берээрин билдирди. АКШнын кысымынан улам да Индия Пакистандын аймагы аркылуу Иран газын импорттой турган газ куурунун курулушун баштоо пландарынан баш тартты.
Индиянын көз карашында Иранды изоляциялоо боюнча кандай гана аракеттер болбосун коркунучтуу жана натыйжасыз болмокчу. Индия шииттик Иран менен тарыхый жана маданий байланышы болуп келген жана ондогон миллион шииттер Индиянын 150 миллиондук мусулман калкынын арасында жашап келет.
Индия ошондой эле Батыштын Иран менен болгон чыр-чатагынын натыйжаларынан да коркот, эгерде сунниттер менен шииттердин ортосундагы тирешүү күчөп кете турган болсо, анда абал кыйын болчудай.
«Көптөгөн мунай казуучу райондордо шиит калкы жашайт», - деп айтты Индиянын Ирактагы мурдагы элчиси Ранджит Сингх Калха. «Диний араздашуу көйгөй жаратышы мүмкүн, дал ушул бизди тынчсыздандырууда. Бул аймакка коркунуч жаратат». Иран менен болгон чыр-чатак Кошмо Штаттарды Пакистан менен тыгыз кызматашууга да аргасыз кылышы мүмкүн.
«Аймактагы тынчтык жана туруктуулук биз үчүн өтө маанилүү», - деп айтты Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр боюнча борборго жыйынга чогулгандарга Матай. Редактор Сиддхарт Варадараджан болсо: «Индия эки тарапты тең тирешүүнү токтотууга макулдаштырыш үчүн көп аракет жумшоого тийиш», - деп белгиледи.
Өткөн айда Индиядагы АКШнын элчиси болгон аткан Нэнси Пауэлл Сенаттагы уктуруулардын учурунда Индиянын Иранга карата саясатын колдоп чыкты. Ал Индиянын мунай импортун азайтууга, МАГАТЭде АКШны колдоп чыгууга даярдыгын белгиледи жана ошондой эле бул маселе боюнча «олутуу иштерди жүргүзүүгө» убада берди.
«Индия Ирандын мунайын импорттобой калышы мүмкүн деген чындыкка коошпос божомолдорго карабай Нью-Дели бул аймактагы окуяларда абдан эле өзгөчө роль ойношу мүмкүн жана ортомчу болуп калышы да абзел», - дейт Фонтэйн.
«Биз Индиянын жана АКШнын саясатына өтө аярдык менен карап турушубуз керек», - деп айтты ал. «АКШ күткөндөй Индияны Иранга карата катуу мамилеге өт деп үндөгөн саясат натыйжа бербеши мүмкүн... Бирок биз Индия менен шериктеш катары кандай аракет кылабыз? Кептин баары ошондо жатат».

Симон Джниер
«Washington Post», 15-февраль, 2012 –жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу