Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/02 18:42
 

Жалал-Абадда мектеп жашындагы кыздар күйөөгө тийип жатышат

Жалал-Абадда мектеп жашындагы кыздар күйөөгө тийип жатышат

Акыркы мезгилдерде жаш жигиттер көбүнчө чет жакта иштеп келишип, анан 9-класстан кийин мектепке окубай койгон, же мектептин 10-11-классында окуп жаткан жаш кыздар менен сүйлөшө коюп эле, ала качып үйлөнүп жаткан фактылар көп кездешип жатат. Жакында бир таанышымдын айылдагы кошунасынын бойго жеткен баласы 16 жашка чыга элек жаш кызды алып качып келип, азыр алар үй-бүлөө куруп жашап жатышат.
Бойго жете элек жаш кыздар менен турмуш куруу, болгондо да кыздарды ала качып кетүү – бул кылмыш экенин биздин жаш жигиттерибиз көп аңдашпайт. Ага нике кыйып жаткан айылдык молдокелер да бул нерсеге көп деле көңүл бура беришпейт. Жалал-Абад облусунун прокурору Нурланбек Джээналиевдин берген маалыматына караганда, кыздарды ала качуу жолу менен үйлөнүү же аялдарды нике турууга мажбурлоо боюнча облуста 2011-жылы 31 факты катталган. Анын ичинен 15и 18 жашка чыга элек курактагылар болгон. Катталган фактынын ичинен 12не кылмыш ишин ачуудан баш тартылып, 3 кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилген.
КР Жогорку Сотуна караштуу сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Зарыл Маматовдун КР улуттук «Кызыл ай» коомуна берген маалыматына караганда, облус боюнча соттордун 2010-жыл жана 2011-жылдын жарымы үчүн түзүлгөн статистикалык отчетунун негизинде КР КЖКнин «Адам уурдоо» деген 123-беренеси боюнча 5 кылмыш ишин соттор караган. Анын ичинен 2 кылмыш иши боюнча 2 киши соттолгон, 3 кылмыш иши прокуратурага кайтарылган. Ал эми КЖКнин «Никелик куракка жете элек адам менен иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүү» деген 154-беренеси боюнча 3 кылмыш иши түшкөн. Каралган 3 кылмыш ишинин бирөө кыскартылып, 2 кылмыш иши прокуратурага кайтарылган. КР КЖКнин «Аялды никеге турууга мажбурлоо же анын никеге турушуна тоскоолдук кылуу» деген 155-беренеси боюнча 8 кылмыш иши түшүп, каралган кылмыш иштердин ичинен 3 кылмыш иши боюнча 5 адам соттолгон болсо, анын бирөө аял киши болгон. Соттук кароодо 4 кылмыш иши кыскартылган, 1 кылмыш иши прокуруратурага кайтарылган.

«Россияда иштеп келген балдар жаш кыздарды ала качып кетишүүдө...»
Жогорудагы көрсөтүлгөн фактылар күнүмдүк турмушта болуп жаткан окуялардын 5 гана пайызын түзүшү мүмкүн. Себеби, көпчүлүк кыздарды алып качып кетип, аларды мажбурлап никеге тургузган болсо, алар укук коргоо органдарына кайрыла беришпейт. Кичине жашап, ажырашат, же ошол турмуштун катаалдыгына моюн сунуп, өзүн азапка салып жашап калышат. Ал эми бойго жете элек кыздардын эрте турмушка чыгышы да ар кандай турмуштук кыйынчылыктарды жаратып келет. Алар убагында никелешүү күбөлүгүн ала албагандыгынан улам, эгерде ажырашып кетишсе, колундагы баласы менен ара жолдо калган фактылар да көп кездешет.
КР Улуттук «Кызыл ай» коомунун аярлуу аялдардын Жалал-Абаддагы социалдык реаблитациялык борборунун администратору Күлбарчын Исмаилованын берген маалыматына караганда, жашы жете элек кыздардын эрте турмушка чыкканынын жакшы жактары жок. Алар иштеген ар бир пилоттук айылга барганда борбордо иштеген дарыгер Гүлжамал Жолдошова турмушка эрте чыккан кыздардын физиологиялык жактан жетиле электигин, алардын организими толук калыптанбагандыктан улам, араңжан балдарды төрөгөн учурлар боло тургандыгын түшүндүрүп айтат.
- Айрым мезгилдерде эрте турмушка чыккан жаш келиндин боюнда болбой калат. Анан кайын энеси: «Эмне үчүн боюна болбой жатат, келиним төрөбөйт экен?» - деп туруп эле, ажыраштырып жиберип жатышат. Ал эми Россияда иштеп жүргөн жаш балдар октябрь, ноябрь айларында келип алып, жаш кыздарга үйлөнөбүз деп туруп, ала качып кетип жатышпайбы. Анан үйлөнүп алып, жаш келиндерди ата-энесине таштап, кайра чет жакка кетип калышкандары да болуп жатат арасында. Чынында, эгерде жаш кыздар өз деңгээлине жетип, репродуктивдүү ден соолук боюнча төрөгөнгө, баланы бакканга даяр болгондо гана турмушка чыгышса жакшы болмок. Алар боюнда бар мезгилде туура тамактанып, убагында эс алышы керек деп дарыгер айыл жериндеги тургундарды окутат. Бирок, кайын энелери көпчүлүк учурда жаш келиндердин бул проблемаларына анчалык көңүл бурбай жатышат, - дейт К.Исмаилова.

Облус аймагында 27 миң 312 аял төрөгөн болсо, 302си 15-17 жашка чейинкилер
Ал эми Жалал-Абад облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун башкы дарыгери Айнура Давлетованын берген маалыматына караганда, 2011-жылы облус аймагында 27 миң 312 аял төрөгөн болсо, анын ичинен бирөө 14 жашта, 302си 15-17 жашка чейинкилер болгон. Бойго жетпей туруп он төрт жашында төрөгөн кыз жана 15-17 жашка чейинкилердин 156сы патология менен төрөсө, 9у төрөттө кан кеткен, бирөө кандын бузулушу менен (сепсис) ооруп төрөгөн. Ал эми өткөн жылы облус боюнча жалпы 1490 аял боюнан алдырса, анын 20сы 16-17 жашка чейинки курактагылар болгон.
- Бойго жетпей туруп кыздардын турмушка чыгышы моралдык жана физиологиялык жактан балалуу болууга, үй-бүлөө күтүүгө туура келбейт. Балакай убактан бойго жеткенге чейинки өспүрүм мезгил 9-18 жаштагы куракты камтыйт. Бул убакта өспүрүмдөрдүн организиминдеги жалпы кан тамыр, горманалдык иммундук, жыныстык системалары өтө чоң жүк (нагрузка) менен иштейт. Ошондуктан, өспүрүмдөр туура жана жакшы тамактануу менен бирге өз убагында эс алып, оор жумуштардан, стресстен этият болушу абзел, - деди башкы дарыгер А.Давлетова.
Облустук калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоо борборунун психологу Любовь Максименконун айтымында, кыздардын 15 жаштан турмушка чыгуу фактылары көп кездешип жатат. Алар бойго жете элегинде турмушка чыккандыктан улам, бул жагдай баланы төрөгөнгө өзүнүн тескери таасирин тийгизүүдө. Анын айтымында, 15 жаштагы кыздардан: «Турмушка чыгасыңбы, же турмушка чыгууга макулсуңбу?» - деп сурабай эле, айыл жеринде алып качып кетишет.
- Бул өспүрүм курактагылар психологиялык жана материалдык жактан чоңдорго көз каранды болгондуктан, өздөрүнүн жасап жаткан иштерин түшүнбөй калышы да мүмкүн. Алар ата-энесинин сөзүнө баш ийет, өздөрү өз алдынча кандайдыр жыйынтык чыгара алышпайт. Ошол себептен 16 жашка чейин турмуш курган өспүрүмдөр ар кандай кылмышка барышат. Муну баарыбыз эле жакшы түшүнөбүз, - дейт психолог.

Мамлекеттик никелешүү күбөлүгү жок жашагандардын 14 пайызын жашы жетелектер түзөт
Мындан сырткары, КР улуттук «Кызыл ай» коомунун маалыматына караганда, үй-бүлөө куруп жашагандардын арасында мамлекеттик никелешүү күбөлүгүн албагандардын 14 пайызы 14-17 жаштан турмушка чыккан кыздар болуп саналат экен. Мунун себебин билиш үчүн Жалал-Абад шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Бүзейнеп Иманованы кепке тарттык.
- Бүзейнеп Будуновна, акыркы мезгилдерде бойго жете элек кыздардын эрте турмушка чыгышы көбөйүп, никелешүү күбөлүгүн убагында ала албай калышат экен. Алар төрөгөн балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кандайча берип жатасыздар?
- Сиздин берген суроого жооп бериш үчүн, мен эми акыркы жылдарды салыштыруу менен айтып өтөйүн. Нике күбөлүгү 2010-жылы 642 үй-бүлөгө берилсе, ал эми өткөн жылы 671 нике катталган. Бул былтыркыга караганда 24 никеге көп болуп жатат. Эми нике күбөлүгүн ала албай жүргөндөр, аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүктү алышат. Аталыкты аныктоо деген сөз – бул аял менен эркектин ортосунда никелешүү күбөлүгү жок болсо, аларды биз мыйзамдын тилинде бирге жашаган адамдар (сожителдер) деп түшүндүрсөк болот. Алар чогуу жашап жүрүп, ортодо бала пайда болду. Ал төрөлгөн балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып бериш үчүн ал аял менен эркек чогуу бизге келип, биргелешкен арыз жазып, аталыкты аныктаса болот. Аталыкты аныктагандан кийин, ал балдарда башка балдардай эле мыйзамдуу укуктар пайда болот. 2010-жылы 543 аталыкты аныктоо мамлекеттик каттоодон өткөн. Ал эми 2011-жылы 594 аталыкты аныктоо катталган. Анын ичинен 10 аталыкты аныктоо соттун чечими менен болгон.
Ошондой эле, алардын ичинде «жалгыз бой эне» болуп төрөгөндөр да бар. Эгерде баланы жалгыз бой эне, никелешүү күбөлүгү жок төрөсө, атасы балага аталык наамымды бербейм, атасы болуп эсептелбейм десе, анда ал аял өзүнүн паспорту менен келип, баланы өзүнүн атасынын атына каттаса да болот. Бул «жалгыз бой эне» деп аталат. Эми кээ бир учурда аялдын жашы өтүп кетсе, убагында турмушка чыга албай калса, ал баланы өзү үчүн төрөйт. Алардан атасы ким деп сураганга акыбыз деле жок. Алар өзүнүн каалоосу менен «бул паланчанын баласы, атасынын атын жазып кой» десе, энесинин фамилиясына баланы жазабыз. Ата-энеси деген графанын «атасынын фамилиясы» деген жерине «энесинин фамилиясын» жазып туруп, атасынын атын, улутун көрсөтүп жазып коёбуз. Бул энесинин көрсөтмөсү менен гана жазылат.
Бизде социалдык проблемаларга жана жумуш орундарынын жоктугуна байланыштуу жаштар Казакстан, Россияга барып иштеп келип жатышат. Жаштар чет жактан келип үйлөнүп, бирок ар кандай себептерден улам убагында никелешүү күбөлүгүн алышпайт. Үйлөнүп эле кетип калышат. Анан бала төрөлгөндөн кийин атасы кайда десең, атасы Россияда иштеп жүрөт дешет. Ал төрөлгөн балдарды да каттоосуз калтырганга биздин акыбыз жок. Ошондуктан, аларды жалгыз бой эне деп каттап турабыз. Кийин атасы келип, экөө чогуу паспорту менен бизге кайрылганда, кайрадан аталыгын аныктап каттаса болот. Бул деген сөзсүз түрдө эле нике күбөлүгүн алып, анан баланы каттоого алуу эмес. Нике күбөлүгүн албай калса деле, атасы баланы «менин балам» деп өзүнүн наамын берсе болот. Эгерде бир эркек аялы туруп, башка аял менен да жашап жүрүп, алар балалуу болушса, башка аялдан төрөлгөн балага да ал өзүнүн наамын берсе болот. Ушул аталыкты аныктоо деп аталат.

Казыят тарабынан берилип жаткан нике күбөлүктөрүн берүү убактылуу токтотулган
Мындан 5-6 жыл мурун Жалал-Абад облустук мусулмандар казыяты тарабынан жаш үй-бүлө курганда нике күбөлүктөрү бериле баштаган. Ал нике күбөлүктөрүн молодокелер нике кыйгандан кийин жазып беришчү. Көпчүлүк айыл жерлеринде жаштар үйлөнгөндөн кийин, казыяттан алган нике күбөлүгүн алып, мамлекеттик никелешүү күбөлүгүн албай койгон фактылар көбөйүп кеткен болчу. Ошол учурда өкмөттүк эмес уюмдар бул туура эмес экендигин айтышып, облустун ошол кездеги казысы Абибулла Бапановдун катышуусунда бир нече тегерек столдор өткөрүлгөн. Себеби, казыяттын берген нике күбөлүгүнүн эч кандай юридикалык күчү болбогондуктан улам, ажырашып кеткенден кийин жаш келиндер балдары менен ара жолдо калган учурлар көп катталып, алар аялдар укугун коргогон өкмөттүк эмес уюмдарга жардам сурап кайрылышкан. Жалал-Абад облусунун казысы Талантбек Жороевдин берген маалыматына караганда, учурда облустук мусулмандар казыяты тарабынан чыгып жаткан нике күбөлүгү Муфтияттын атайын чечими чыкканга чейин убактылуу токтотулуптур. Бул ишти көзөмөлдөө жагы казынын жардамчысы Замирбек Сатыкуловго жүктөлүптүр.
Облустук казыят тарабынан нике күбөлүктөрүнүн берилиши - бул мыйзамга каршы келет болчу деген оюн Б.Иманова эжеке билдирди. Анын айтымында, казыят тарабынан нике күбөлүктөрүнүн берилиши элди башка ойго түрткөн.
- Нике мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана никелешүү күбөлүгү берилет. Ошондон кийин гана «аял жана күйөө» деп мыйзамдын негизинде жарыяланат. Ага чейин алардын казыят тарабынан алган нике күбөлүгү туура эмес экендигин ошол мезгилде эле айткамын. Бул элдин башын айландыруу болуп саналат. Азыркы мезгилде алар нике күбөлүгүн бербей калган болуш керек. Алардын берген күбөлүгү мусулманча нике кыйылды деген гана күбөлүк болот. Ажырашып кете турган болсо, ал күбөлүк аялды эч качан мыйзам алдында коргой албайт. Буга менин көз карашым терс. Үй-бүлө куруу боюнча жогорку класстардын окуучуларына атайын сабактарды өтүп, аларды ошол мектеп жашынан турмуш куруунун жагдайларын түшүндүрүш керек, - дейт Б.Иманова.
Жогорку Кеңештин депутаттары да диний каада менен нике кыюудан мурда аны мамлекеттик каттоого алуу боюнча «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамга алымча-кошумча киргизүү сунушун көтөрүшүп, бирок бул көпчүлүк депутаттардан колдоо таппай калган болчу. Облустук казыят тарабынан берилген нике күбөлүктөрү көпчүлүк учурда жашы жете элек кыздарды ала качып кетип үйлөнгөндө, же болбосо эки-үч аял алган эркектерге бул ыңгайлуу болгондугун ошол мезгилде өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөткөн.
Акырында, мезгил шарданы менен жаштарыбыз турмушка олуттуу карап, жигиттер кыздарды ала качып кетпестен, эки жаш жакшылап сүйлөшүп, ата-энесинин макулдугу менен үйлөнүп, бактылуу үй-бүлөлөрдүн саны көбөйсүн. Кыз-келиндер, аялдар турмуштун запкысын тартпай, бул жашоонун ырахатына батып үй-бүлөсү менен ынтымакта күн өткөрүшсүн деген тилекти билдирмекчибиз.

Анархан Жаңыбаева, Жалал-Абад

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу