Аналитика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
16/02 11:18
 

«Financial Times»: Путин шайлоонун алдында айлыкты көтөргөн атат

«Financial Times»: Путин шайлоонун алдында айлыкты көтөргөн атат

Путин айлык акыны жогорулатуу убадасы менен орто класстын көңүлүн алууга аракеттенүүдө

Владимир Путин мугалимдердин жана дарыгерлердин айлык акысына чыгымдарды көбөйтүүгө, ошондой эле саламаттык сактоо жана билим берүү системасын жакшыртууга убада берди - мунун бардыгын ал орто класстын көңүлүн алыш үчүн жасап жатат.
Президенттик шайлоого чейин үч жума калды, Россиянын премьер-министри Владимир Путин дүйшөмбү күнү дарыгерлердин жана ЖОЖдордогу окутуучулардын айлыгын 2018-жылга карата 200 пайызга көбөйтүүгө убада берди.
Бирок талдоочулардын айтымында акыркы шайлоо алдындагы социалдык маселелерге арналган убадалар анын 12 жылдык башкаруусун көргөн билимдүү массанын көңүлүн жайгарышы күмөн. «Ошондой эле бул каражаттар кайдан келе тургандыгы да түшүнүксүз», - дешет талдоочулар.
Акыркы жумаларда Россиянын премьер-министри он миңдеген москвалыктар катышкан кышкы каршылык акцияларынан кийин анын башкаруусунун эң чоң көйгөйү болгон нааразы шайлоочуларга кайрылуу аракеттерин күчөттү.
Өткөн жумада ал интернет-активисттерди саясий турмушка катыштырууга убада берип, аларды өз тарабына тартууга аракеттенди, ошондой эле россиялык олигархтарды 1990-жылдардагы таза өтпөгөн менчиктештирүүгө катышуудан тапкан ашыкча киреше үчүн салык төлөөгө чакырды.
Бул убадалар анын утурумдук рейтингин камсыз кыла алат. Бирок талдоочулар белгилегендей, убадалар анын режимине, адилетсиз шайлоого карата күчөп бараткан нааразычылыкты толугу менен жое албайт.
Социалдык керектөөлөргө кеткен чыгымдарды көбөйтүү тууралуу убадалар «аткарыла тургандай болушу керек, бирок азырынча бул коомдук каражаттардын туруктуулугу үчүн канчага тураары белгисиз», дейт Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Михаил Дмитриев. «Мындай чаралар ага тез арада өз рейтингин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бирок алар коомдук тенденциянын төмөндөөсүн өзгөртө албайт».
Көптөгөн өнүккөн өлкөлөр менен салыштырмалуу Россиянын ички дүң өндүрүмдөгү карызы 11 пайызды түзөт, бул абдан төмөн көрсөткүч.
Бирок өлкөнүн бюджети быйыл тартыштыкка учурады. Мамлекеттик казына чыгымсыз болушу үчүн мунайдын баасы баррелине 120 доллардан жогору болушу зарыл. Дүйшөмбүдө мунайдын баасы баррелине 118 долларды түздү.
Быйыл Путиндин өкмөтү аскер кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү чечти. Экономисттер айтып жатышкандай, Путин элге жакпаган чечимдерди кабыл алууга аргасыз болот - келечекте ал жетишсиздикти жоюу боюнча өз убадаларын аткарууга камына турган болсо же салыктарды көбөйтүүгө, же социалдык муктаждыктардын чыгымдарын азайтууга тийиш.
Премьер-министр өзү убада бергендей айлык акыны көбөйтүш үчүн эсептер менен тааныштырды – ал 30 млрд. АКШ долларын түздү. Путин чөнтөккө ылайык келген турак-жай жана Россиянын калкынын азайышы менен күрөшүү максатында балдарды колдош үчүн кирешеси аз үй-бүлөлөргө социалдык төлөмдөрдү көбөйтүү тууралуу да айтты.
Бирок ал эң эле «талуу маселе» болгон пенсия системасынын реформалары тууралуу оңчулуктуу эч нерсе айткан жок. Өкмөт башчы бүгүнкү күндө аялдар үчүн 55 жашты жана эркектер үчүн 60 жашты түзгөн пенсия курагын жогорулатууга каршы экенин билдирди. Экономисттердин айтымында, Россия тез карып бара жаткан калктын маселесин чечиш үчүн ушундай ишке барышы керек эле.
«Бул Путин чыгымдарды көбөйтүү тууралуу айтып жатканы жетишсиз. Ал бул каражат кайдан табыла тургандыгын айтпайт»,- дейт Москвадагы Карнеги борборунун талдоочусу Николай Петров.
Экономисттер марттагы шайлоодон кийин тарифтер кыйла жогорулай тургандыгын да белгилешет. Былтыр өкмөт суу жана электр үчүн төлөмдү 15 пайызга көбөйтүүнү токтоткон. Ошондой эле өнөр жай керектөөсү үчүн газдын тарифтерин жогорулатуу кийинкиге калтырылган. Эми бул тарифтер ушул жылдын башында кымбатташы керек.
«Тарифтерди кымбаттатууну кийинкиге калтыруу тууралуу чечим алты ай мурда каршылык акциялары башталганга чейин кабыл алынган»,- дейт Петров. «Бирок эми алар тууралуу жарыялаш кыйын».

Кэтрин Белтон
«Financial Times», 13-февраль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу