Аналитика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
15/02 11:01
 

Эки баскычтуу бюджет эмнени берет?

Эки баскычтуу бюджет эмнени берет?

Өкмөт 2012-жылга карата бюджет долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна койду. Бул жолу бюджет долбооруна бир катар жаңылык киргизилди. Алардын бири - бюджетти көп баскычтан арылтып, эки баскычка өткөрүү же республикалык жана жергиликтүү бюджет менен чектелүү. Бюджет аралык катнаштын мындай жаңы тутуму канчалык деңгээлде натыйжалуу болоору учурда кызуу талкууга алынып жатат. Бийлик эки баскычтуу бюджет менен биринчи кезекте аймактарды өнүктүрүүгө болоорун негиз кылууда. Мурда айыл жерлерине акчаны облустук жана райондук администрациялар кийлигишип, бөлүштүрсө, эми республикалык бюджеттен каражат түз түшөт. Кыргызстан эки баскычтуу бюджетке өтсө, республикалык бюджеттен тышкары 25 шаардык жана 459 айыл округдук бюджет болот. Буга чейин республикалык бюджет, 7 облустук, 2 республикалык маанидеги бюджет (Ош жана Бишкек шаарларынын бюджети), 40 райондук, 25 шаардык жана 459 айыл округдук бюджет болгон.
Жергиликтүү бюджеттин мааниси канчалык? Жергиликтүү бюждет биринчи кезекте жеринде социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталат. Бирок бизде айыл өкмөттөрүнүн деңгээли бирдей эмес. Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 46 пайызынын бюджеттик камсыздуулугу төмөн, 34 пайызы орто камсыздалган жана 20 пайызы жогорку деңгээлде камсыз болушкан. Ушундан улам чыгымды жаба албаган жергиликтүү бюджеттерге жыл сайын республикалык бюджеттен кошумча трансферттер берилип келет. Алар:
– категориялдык грант - мугалимдердин эмгек акысына берилген каражат;
- теңдөө гранты - социалдык-экономикалык абалды теңдөө максатында бөлүнгөн акча;
- үлүштүк грант - конкурстук негизде долбоорлорго берилген каражат;
  - бюджеттик ссудалар же максаттуу багыттарга бөлүнгөн каражаттар. 
Мында жергиликтүү бюджетти каржылоо жыл сайын өсүп баратканы байкалууда. Мисалы, 2005-жылы жергиликтү бюджетке 6 млрд. 248 млн. 500 миң сом берилсе, 2010-жылы ал 15 млрд. 637 млн. 822 миң сомго жеткен. Ал эми былтыр жергиликтүү бюджеттерге 22 млрд. 13 млн. 409 миң сом жумшалган. Быйылкы жылдын бюджетинде 22 млрд. 454 млн. 560 миң сом каралган.
Жергиликтүү бюджет эмнеден куралат? Бюджеттин негизги кирешеси - бул салык. Учурда эки салык жана эки төлөмдүн негизинде калынтанат. Алар – жер салыгы, мүлк салыгы, таштандыны чыгарып кетүүгө төлөм жана токтотмо жайлар үчүн төлөм. Эми болсо бир катар салыктарды да жергиликтүү бюджетке калтыруу каралып жатат. Салык тутумун жакшыртуу менен кен чыккан жерлерди иштеткенге алына турган салыктын 50 пайызын жергиликтүү бюджетке берели деген сунуш бар. Бул багытта жер-жерлерде баш-аягы 200 млн. сом калат. Бул акча аз болсо да, айрым айылдардын муктаждыктарын жабууга жетет. Мамлекет эки баскычтуу бюджетке өтүү менен айрым салыктардын түрлөрүн жергиликтүү бюджетке калтырууну карайт. Буга чейин салыктын эки түрү – жер салыгы жана мүлккө болгон салык эми милдеттүү патент салыгы, киреше салыгы жана кендерди иштетүүдөн алына турган салык менен толукталат. Мында республикалык маанидеги шаарларга киреше салыгынын 50 пайызы, облустук жана райондук маанидеги шаарларга 40 пайызы, айыл өкмөттөрүнө 10 пайызы калтырылат. Милдеттүү патент салыгы баарына толук 100 пайыз, кендерди иштетүүдөн түшкөн салыктын 50 пайызы берилет. Башкысы - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше табуу мүмкүнчүлүгүнө дыкат талдоо жүргүзүү зарыл. Ошондой эле кирешени туура жана максатка ылайыктуу башкаруу да чоң мааниге ээ. Бул үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин даярдыгы болушу керек.
  Калктын 60 пайыздан ашыгы айыл жерлеринде жашаарын эске алсак, жергиликтүү бийликке каражат бөлүштүрүү укугун берүү менен айылдарды өнүктүрүүгө болот. Республикалык бюжет түздөн-түз айылдык бюджет менен байланышта. Мында мурдагы облустук, райондук бюджеттер жоюлат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз алдынча бюджет калыптандырып, башкарат. Бирок бүгүнкү күндө бардык айыл округдары эки баскычтуу бюджетке өтүүгө даярбы? Финансы министрлигинин бюджетер аралык катнаш башкармалыгынын жетекчиси Зоотбек Кыдыралиев бардык айыл округдары даяр эмес деген пикирин билдирди. «Азырынча жергиликтүү бийлик органдары өз ыйгарым укуктарын аңдап түшүнө элек. Алар жогору жактын гана тапшырмасын аткарганга көнүп алышкан. Айыл округдары республикалык бюджетти калыптандырууда чоң ролду ойной тургандыгын түшүнө элек», - дейт ал. 
Буга чейинки Кыргызстандын төрт баскычтан үч, анан эки баскычка өтүү аракети эмнени берди? Кыргызстан 2007-жылы эки баскычтуу бюджетке өткөн болчу. Анда төрт баскычтан эки баскычка өтүү мамлекеттик каржылоону ачыкка чыгараары белгиленген. Эки баскычтуу бюджетке өтөбүз дегенибиз менен буга бийлик түзүлүшү тоскоолдук кылышы ыктымал. Же ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү жаатында маселе жаралат. Анткени бизде республика-облус-район-айыл башкаруу түзүлүшү калыптанган. Мындай шартта каржылоонун республикадан түз айылга өтүшү менен ортодо облустун жана райондун ыйгарым укуктары кайда калат? Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары салыкты көбөйтө алабы? Советтик доордон бери борборлоштурулган башкаруу тутумуна көнгөн Кыргызстанда эки баскычтуу бюджетке өтүү бул сыяктуу суроолорду жаратпай койбойт. Буга чейин эки баскычтуу каржылоого өтүүнүн кесепети толгон-токой суроо, чечилбеген маселени жаратып, акыры үч баскычтуу бюджетке келип токтогон элек. Республика-район-жергиликтүү бюджет негизинде мамлекеттик каржылоо ишке ашырылды. Албетте, жергиликтүү бийлик органдарына бюджеттерди башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды берүү, муниципалдык менчикти өз алдынча башкаруусу, жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын өз алдынча аныктоо жана аны түзүүдө, аткарууда көз карандысыз иш алып барышы жакшы жылыш. Бирок акчаны түз республикалык бюджеттен алган шартта коррупция күч алышы ыктымал. Мисалы, жергиликтүү бийлик органдары бюджет чыгымын ашыкча жазып, акчаны белгиленген максатка эмес, чөнтөккө салат. Чыгашаны көбөйтүп, кирешени азайтып коюшу толук мүмкүн. Бирок карапайым калктын каржылоону көзөмөл кылуу мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот. Алар райондон же облустан бөлүнгөн акчанын канча экени, кайда жумшалганын биле албаса да, айыл өкмөттөрүнө түз келген акча боюнча маалыматты оңой алат.
Бийлик органдарынын ыйгарым укуктарына токтоло турган болсок, облустарды жоюу тажрыйбасы советтик мезгилде көп эле жолу болгон. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин 6 облус калыптанып, 1999-жылдагы Баткен окуясынан кийин 7 облус түзүлдү. Дал ушул Кыргызстан баштан кечирген тажрыйбаларды талдоо аркылуу каржылоонун кандай болоорун аныктаса болот. Бирок шарт эле баарын жоюп, биринин ыйгарым укугун тартып алып, экинчисине кармата салууда көп көйгөй жаралат. Бизде тажрыйба катары сыноо өткөрүү калыпка түшө элек. Буга мисал катары, бюджеттин төрт баскычтан экиге, экиден үчкө, эми кайра эки баскычка өтүп жатканын келтирсек болот. Жергиликтүү бийлик органдарынын таптакыр ыйгарым укуктары жок деп айтууга болбойт. Укуктары азыр деле жакшы. Бирок жергиликтүү бийликтин акчасы аз. Качан болбосун каражат бер деп суранып жүрөт. Ошондуктан, жергиликтүү бюджет маселесин чечкенде гана, жергиликтүү бийлик органдарынын укуктары да кеңейет. Алардын таасирдүлүгү өзүнөн-өзү күчөйт. Жогору жактан акча күтүп, көз каранды болуп отурганда, жергиликтүү бийликтин эч убакта таасирдүүлүгү болбойт. Мындай шартта алардын укугун премьер-министрдикине теңеп койсо да, айыл өкмөтүн көтөрүп иштей албайт. Каржы жагы чечилмейин, ыйгарым укуктарын кеңейтүү кагазда жазылган боюнча кала берет.

Мээрим Ибраева, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу