Аналитика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
14/02 17:56
 

Суу - Кыргызстандын байлыгы жана «баш оорусу»

Суу - Кыргызстандын байлыгы жана «баш оорусу»

Жакында Борбор Азиядагы суу маселеси дүйнөлүк деңгээлде талкууланганы жатат. Быйыл 13-мартта Франциянын Марсель шаарында Дүйнөлүк суу форуму өз ишин баштайт. Бул жолу форумда Борбор Азия өлкөлөрүнүн суу-энергетика потенциалын натыйжалуу пайдалануу боюнча курч маселелерди чечүү тууралуу сөз болоору күтүлүүдө. Талкууда Кыргызстан сөзсүз көңүл борборунда болот. Анткени аймакта суу ресурсунун кору боюнча Тажикстандан кийинки орунда Кыргызстан турат. Бул дүйнөлүк форумду утурлай Жогорку Кеңештин эл аралык кызматташтык боюнча комитети Кыргызстан үчүн олуттуу маселени көтөрүп чыкты. Парламент комитети суу маселесинде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын бийик коелу деген демилге көтөрдү.
Кыргызстандын суу байлыгы. Улуттук илимдер академиясынын Суу маселелери жана гидроэнергетика институтунун маалыматына ылайык, Кыргызстан суу ресурстарынын кору боюнча Борбор Азияда Тажикстандан кийинки экинчи орунда, КМШ боюнча үчүнчү орунда турат. Тагыраак айтканда, Борбор Азиянын суу ресурстарынын 40 пайызы Кыргызстанда жайгашкан. Өлкөдө таза суунун булагы болгон 5 миңден ашык мөңгү бар. Жалпы аянты 8 миң чарчы метрден ашык болгон мөңгүлөрдөгү суунун кору 760 млрд. кубометрге чейин жетет. Башкача айтканда, мөңгүлөр Кыргызстандын аянтынын 4,2 пайызын түзөт. 10 чакырымдан узун болгон 2 миңден ашык суулар бар. Алардын жалпы узундугу 35 миң чакырымга жетет. Мындан тышкары деңиз деңгээлинен 3-4 миң метр бийиктикте жайгашкан көлдөр, жер астындагы суулар бар. Кыргызстан Борбор Азия аймагында суу ресурстары өз булактарынын эсебинен камсыздалган жападан-жалгыз өлкө болуп саналат. Республика жылына болжол менен 10-12 млрд. кубометр суу керектейт. Мында орто эсеп менен киши башына 12 миң кубометр суу туура келет. Суунун 89 пайызы сугат үчүн пайдаланылат. Мында сугат суунун 90-92 пайызы ички ресурстар менен камсыздалат. Суунун 6 пайызы өнөр жай тармагында, 3 пайызы коммуналдык-тиричилик тармакта, калган бөлүгү чарба ишинин башка түрлөрүндө сарпталат.
Колдо бар алтындын баркы жок. Суу бар деген менен анын кооптуу жагдайы да бар. Таза суу менен камсыз кылуу, суу ташкындары, калктын саламаттыгына тийгизген коркунучу... Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда иче турган таза суунун жоктугунан жылына 40 миң адам ичеги ооруларына кабылат. Ооруга кабылгандардын 80 пайызын 14 жашка чейинки жаш балдар түзөт. Анын ичинде жыл сайын Кыргызстанда 300гө жакын бала ичеги ооруларынан көз жумат. Мында суунун айынан ичеги ооруларына кабылгандардын көпчүлүгү Ош жана Баткен облустарында катталат. Таза сууга байланыштуу оорулардын жыл санап күч алышына айыл жерлеринде калк сууну арыктардан, көлмөлөрдөн ичкендиги негиз болууда. Ал эми балдар арасында оорунун көп жайылышына көптөгөн мектептер менен балдар бакчаларында суу түтүктөрүнүн жоктугу себеп болуп жатат. Учурда республикадагы мектептердин 22 пайызы, балдар бакчаларынын 14 пайызы таза суу менен камсыз болгон эмес.
Айыл чарба тармагында сугат суунун 35-37 пайызы жөн жерден жоготууга учурайт. Арыктардын, ирригациялык тутумдун начардыгынан жыл сайын 1,7-2,3 млрд. кубометр суу текке кетет. Мындан тышкары өнөр жай тармагында иш алып барган чакан жана орто ишканалар сууну каалагандай пайдаланып жатканы эч кимге жашыруун эмес. Өнөр жайында пайдаланылган суунун зыяндуулугу дыкат иликтенген эмес. Анда-мында «Кумтөр» алтын кенинде пайдаланылган суунун зыяны тууралуу сөз болуп, зыяндуу суу сакталган жай бузулса, Нарын дарыясынын агымына кошула тургандыгы айтылууда. Өндүрүш демекчи, Кыргызстандын аймагында тоо-кен өндүрүшүнөн калган 250 млн. кубометр уулуу жана радиоактивдүү калдыктар сакталган 92 обьекти бар. Алардын көпчүлүгү Нарын, Майлы-Суу, Чүй жана Суусамыр сууларынын бассейининде жайгашкан. Зыяндуу калдыктар сакталган жерлер ачылып кетсе, сууга кошулуп, эң кооптуу экологиялык кырсыкка алып келиши ыктымал.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, учурда республикада 3 миңден ашык сууда ташкын коркунучу бар. Суу ташкынына жаан-чачындан тышкары арыктардын желип калганы, суу нугунун өзгөрүшү, суунун көлөмүнүн көбөйүшү негиз болот. Мындан тышкары Кыргызстанда бийик тоодо жайгашкан 2 миңге жакын көл болсо, анын 330 жарылуу коркунучунда. Бул көлдүн баары этегинде калк жашаган тоолордо жайгашкан. Учурда жарылуу коркунучу бар көлдөр үч баскычка бөлүнгөн. Биринчи баскычка жарылуу коркунучу бар көлдөр кирсе, экинчи баскычта кооптуулугу жок, бирок байкоого алынган көлдөр, үчүнчү баскычта келечекте жарылуу болушу мүмкүн деген көлдөр турат. Мында Кыргызстанда эң кооптуу делген Чүй облусунда жайгашкан Адыгине көлү экинчи баскычтагы көлдөргө кирет.
Кыргызстан суу башы, бирок... Кыргызстан Борбор Азия аймагында суу башы экени белгилүү. Бирок учурда «суу башы» эмес, «эл башынын» өкүмү сүрүп жаткандай. Өлкөнүн суу ресурсу ички керектөөнү гана камсыз кылбастан, мамлекет аралык мааниге да ээ. Суу мол болгон жылдары анын көлөмү 57,3 млрд. кубометрге чейин жетет. Анын 45 млрд. кубометри же 78 пайызы коңшу өлкөлөргө агып чыгат. Бирок суунун кору көп болгону менен аны натыйжалуу пайдалана албай келе жатабыз. «Ар-Намыс» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев Кыргызстан бул суунун болгону 20 пайызын гана пайдаланып, калган 80 пайызын коңшу өлкөлөр – Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан сарптап жатканын бир эмес, көп жолу айтты. Буга кошумча сууну энергетика багытында да ыгы жок колдонуп жатканыбыз белгилүү. Учурда өлкө колдо бар гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгүнүн 10 пайызын гана пайдаланууда. Бул багытта Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Алмазбек Баатырбеков энергетика жана суу тармагын бир министрликке бириктирүү керектигин белгилейт. Анын айтымында, Кыргызстанда энергетика жана суу тармагы эки башка өңүттө өнүгүп жатат. Бул эки тармак натыйжалуу иштеп, өнүгүш үчүн аларды бириктирүү зарыл.
Сууну башкаруу дегенде эле аймактык башкаруу тууралуу сөз болот. Канча деген эксперттер, аналитиктер Борбор Азияда сууну пайдалануу жаатында сунуш киргизип, сын айтышпады. Ал гана эмес бул маселеге Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) да кийлигишти. БУУ Европалык экономикалык комиссиясы Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда биргелешип суу пайдалануусуна да киришти. Мында сөз Чүй жана Талас сууларын пайдалануу тууралуу сөз болгон. Бирок, азырынча аймактагы суу маселеси оң жагына чечиле элек. Борбор Азиядагы сууга байланыштуу маселеде Кыргызстан менен Тажикстан «суу башынын» ролунда. Бирок коңшу Өзбекстан, Казакстан өз оюн билдирип, бир катар маселенин башы чечилбей келет. Мында биринчи кезекте электр энергиясы менен суу маселеси чырмалышып турат. Кыргызстан менен Тажикстан сууну пайдаланып, электр энергиясын өндүрүүгө кызыкдар болсок, Казакстан менен Өзбекстан сугат сууну алууга басым жасайт.
Учурда эң ири делген Нарын дарыясынын агымынын 15 пайызга жакыны гана республиканын ички керектөөсүнө жумшалат. Суунун калган бөлүгү Казакстан менен Өзбекстанда сарпталат. Советтик мезгилде эле Нарын дарыясында баш-аягы 16 ГЭС курса болоору каралган. Учурда дарыяда 7 ГЭС иштеп, жылына 11 миллиарддан киловатт-саат электр энергиясын өндүрүп жатат. Мында 6 ГЭС мурунураак курулса, «Камбар-Ата-2» ГЭСи 2010-жылы ишке берилген. Эми алдыда «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу маселеси турат. Коңшулар суу бер деген менен Кыргызстанды электр энергиясы менен камсыз кылып жаткан Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд. кубометрге чейин түштү. Энергетиктер быйыл калк электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болот дегени менен иш тескерисинче чыгып, байма-бай электр өчүрүлгөн убактар болду. Буга суу сактагычтагы суу эмес, энергетика тутумундагы жабдуунун эскириши негиз болууда. Бирок Токтогул суу сактагычында суунун деңгээлине көз салуу башкы маселенин бири. Анткени буга 2008-жылдардагы суу-энергетикалык каатчылык Кыргызстанга чоң сабак болду.
Суу маселесин чечүүдө алгач аны башкарууга байланыштуу мамлекеттик органдын иши алгылыктуу болушу керек. Мисалы, энергетика жана суу тармагын бир мамлекеттик органга бириктирүү зарыл.
Кыргызстандын суусунан коңшулардын экономикасы көз каранды экенин эч ким танбайт. Учурда өлкө коңшулардын кызыкчылыгында жазгы-жайкы сугат иштери үчүн сууну топтоп берет. Аймакта суу топтоп бергендиги үчүн отун-энергетикалык ресурсту компенсациялап берүүнү жөнгө сала турган келишим бар. Бирок коңшулар жаратылыш газын берүүдө өз талаптарын гана коюп келет. Мисалы, баасы жылда асмандап, газ берүү аба-ырайына байланыштуу делип же дагы башка шылтоо менен үзгүлтүккө учурап келет. Албетте, газ баасы кымбаттаса, Кыргызстан электр энергиясын көбүрөөк өндүрүүгө кызыкдар болот. Мындай шартта коңшулар сууга муктаждыгын билдирип, бул маселени аймактык эмес, эл аралык мааниге чейин көтөрүп жиберишет. Ошондуктан, газ боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө суу маселесин кошо көтөрүү зарыл. Ушундай шартта гана Кыргызстан өз кызыкчылыгын коргой алат.
Суу ресурстарын пайдалануу жаатында илимдин жетишкендиктери пайдаланылган жок. Илим жаатында бир кезде Бишкекте Суу-энергетика академиясын ачабыз деген демилге көтөрүлгөн. Азырынча Кыргызстан суу маселесинде дүйнөлүк тажрыйбаны пайдаланып сунуштарды иштеп чыгууда, суу ресурсун өз ара натыйжалуу пайдаланууда, ошондой эле адистерди даярдоодо илимдин жетишкендиктеринен кур калып, аксап жатат.
Алдыдагы Дүйнөлүк суу форумунда Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукка, өзгөчө коңшуларына Борбордук Азиядагы суу көйгөйү отун-энергетикалык маселелер менен катар бирдиктүү өзөктө талкууланышы керектигин жеткирүү менен, аймакта ондогон жылдардан бери талаш-тартышты жаратып келген орчундуу көйгөйдү жоюуга жол салат деп ишеним артып туралы.

Жолдош Жусупов, «Кабар»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу