Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/02 12:29
 

AFP: Түркмөнстанда Бердымухамедовдун шайлоосу өттү

AFP: Түркмөнстанда Бердымухамедовдун шайлоосу өттү

Түркмөнстандын президенти шайлоодо кезектеги жеңишти камсыз кылат

Жекшемби күнү Түркмөнстанда президенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында президент Гурбангулы Бердымухамедов сырткы дүйнөдөн бөлүнгөн мамлекетти дагы бир мөөнөт башкарганы калды.
Президентке каршы дагы жети талапкер ат салышкан, бирок алардын баары шайлоо алындагы өнөктүктө президенттин дарегине каршы бир ооз да жаман сөз айтпаган саясий элитанын лоялдуу өкүлдөрү болуп саналышат.
«Шайлоо майрамдык маанай менен өтүп, салттуу музыканын коштоосунда ал тургай шайлоочуларга белек-бечкектер, таттуу-паттуу да берилди», - деп кабарлады AFP агенттигинин кабарчысы.
Себеби өлкөнүн бийлиги элди «шайлоо - бул ар бир атуулдун улуттук парзы» деп катуу ынандырган, анын натыйжасында 48% электорат шайлоо участоктору жабылганга 8 саат калганга чейин эле добуш берип бүтүп калды.
Бердымухамедов уулу, небереси жана өткөн аптада анын урматына полиция бөлүмүнө аты ыйгарылган атасы Мяликгулы Бердымухамедов менен чогуу келип добуш берди. «Биздин президент бизди туура жолго баштай турган жалгыз баатыр. Ал биздин коргоочу жана улуттун таянычы», - деп айтты 68 жаштагы Гозель Сопиева атуу шайлоочу.
Мурдагы тиш доктур, Ниязовдун тушунда саламаттык сактоо министри болуп турган Бердымухамедов 2007-жылы болгон шайлоодо 89% добуш алып жеңишке жеткен жана албетте бул жолу андан аз добуш алса абдан эле таңкалыштуу болмокчу.
Бул шайлоо эркин Түркмөнстандын тарыхында болгону үчүнчү шайлоо болуп эсептелет: Ниязов 1992-жылы болгон шайлоодо жалгыз талапкер болуп ат салышкан. Ошол маалда ал 99,5% добуш алган, ал эми 1999-жылы ага парламентте өмүр бою президент болууга ыйгарым укук берилген.
Энергоресурстарга бай болгонуна карабай, Түркмөнстан шайлоону Бердымухамедов былтыр убада берген демократиялык реформалар программасындагы жаңы кадам деп үгүттөп жатат, ал эми чыныгы оппозицияны шайлоого катыштыруу тууралуу убада болсо аткарылган жок.
Шайлоочуларды керектүү добушту берүүгө ачык эле үндөө менен мамлекеттик телеканалдын алып баруучусу: «Өз мекенинин келечеги үчүн өзүнүн үлкөн жоопкерчилигин билүү менен эл сегиз талапкердин ичинен эң мыктысын тандап алат» деп билдирди.
Энергетика жана өнөр жай министри Ярмухаммет Оразгулиев, суу ресурстары менен пахта заводунун директору президенттин атаандаштары болуп калышты.
Каспий деңизинен Афганистанга чейин созулуп жаткан жана дүйнөдө Түндүк Корея менен бир катарда эң бир жабык өлкө деп эсептелген бул мурдагы советтик мамлекетте үч миллион адам добуш берүү укугуна ээ.
Бердымухамедов жеке адамга сыйынуу чектен ашып, Ашхабатта күн менен кошо айланган өзүнүн алтын айкелин орноттурган Ниязовдун доорунан кийин абайлап  аста-секин  реформаларды баштады. 
Түркмөнстан «кайра жаралуу  доору» деп атаган беш жыл ичинде Бердымухамедов кинотеатрларды, театрларды, изилдөө институттарын кайра ачып, кендерди иштетиш үчүн чет элди компанияларды көбөйттү. 
Бирок президент дагы эле кандай гана жаңыча ой жүгүртүүнү болбосун жок кыла турган жекебасар мамлекетти башкарып жатат. Ал жеке адамга сыйынуунун жаңы айлампасын баштоодон уялган жок: бүт өлкө боюнча анын сүрөттөрү менен ири портреттери бакыйып илинип турат. Ниязов өзүн «Туркмөнбашы» (баардык туркмөндөрдүн атасы) деп атаса, Бердымухамедов өзүн «Аркадаг» (Коргоочу) деп даңазалоодо. Түркмөнстан батыштын байкоочуларын шайлоо боюнча толук масштабдуу мониторинг өткөрүүгө чакырган жок, укук коргоочулар менен журналисттерди да өлкөгө киргизүүдөн толук баш тартты. 
Шайлоо алдында «Amnesty International» эл аралык уюму Түркмөнстан уламдан улам «адам укуктарын ачык эле бузуп жатат», түрмөдө жаткандарды кыйнашат, саясий жана диний эркиндик катуу чектелген жана сөз эркиндиги дээрлик жокко эсе деп маалымдады.
  «Amnesty International» 2007-жылы соттолгон укук коргоочулар Аннакурбан Аманклычев жана Сапардурды Хадижевдер дале болсо абакта жатышканын маалымдады. Диссидент Гулгелди Аннаниязов камакка алынган  2008-жылдан бери бир кишилик камерада кыйноо тартып жатат.

AFP, 13-февраль, 2012-жыл
Котормо –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу