Аналитика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
14/02 10:03
 

Мигрант: акча которуунун «аргасыздыгы» жана «пайдасы»

Мигрант: акча которуунун «аргасыздыгы» жана «пайдасы»

Былтыр эмгек мигранттары Кыргызстанга 1 млрд. 669 млн доллар акча которушту. Улуттук банктын маалыматына ылайык, акчанын 1 млрд. 574,2 млн. доллары Россиядан, 41,2 млн. доллары коңшу Казакстандан жөнөтүлгөн. Мындан тышкары былтыр Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн да акча которулган. Алсак, 12 айда АКШдан 33,9 млн. доллар, Германиядан 15,5 млн, Улуу Британиядан 1,5 млн. жана Бельгиядан 1,4 млн. доллар которулган. Жалпысынан 2011-жылы алыскы чет өлкөлөрдөн 53,7 млн. доллар жөнөтүлгөн. Эске сала кетсек, 2010-жылы Кыргызстанга жөнөтүлгөн акчанын көлөмү 1 млрд. 252,6 млн. долларды түзгөн болчу.

Улуттук банктын 2005-жылдан берки которулган акча боюнча маалыматына ылайык, жыл санап мигранттардын жөнөткөн каражаттары көбөйүп жатканы көрүнөт. 

млрд. сом

 

Миграциялык агым. Акча которууга кызыккан эмгек мигранттары тышкы миграцияны күчөтүп, канчасы барган өлкөнүн жарандыгын алып, бул болсо Кыргызстандын калкын азайтууда. Былтыр да республикада тышкы миграциянын күч алганы белгиленип, 2011-жылдын 11 айында 44 миң 267 киши чет өлкөгө чыгып кетти. Мында 10 миң кыргызстандыктын 80и сыртка чыгып кеткен болуп жатат. Бул алакандай эл үчүн алда канча көп көрсөткүч. Буга кошумча чет өлкөлөргө кеткендердин саны республикага туруктуу жашаш үчүн келгендерден кыйла көп болду. Алсак, 11 айда Кыргызстанга туруктуу жашаш үчүн 5 миң 736 адам келген. Натыйжада миграциялык агым 38 миң 531 адамды түздү. Белгилей кетсек, 2010-жылы Кыргызстандан 49 миң 375 киши чет өлкөгө чыгып кеткен болчу. Былтыр сыртка чыккандардын саны 2010-жылга салыштырмалуу 11,5 пайызга азайды дегенибиз менен анын өтө чоң көйгөйү турат.

миң киши 


Аймактар боюнча алганда тышкы миграция Чүйдө, Ошто жана Бишкек шаарларында күч алганы байкалат. 2011-жылдын январынан ноябрь айына чейин Чүйдөн 10 миң 654, Бишкектен 8618, Оштон 8403, Жалал-Абаддан 5699, Ош шаарынан 3907, Ысык-Көлдөн 2607, Баткенден 3603, Таластан 1303 жана Нарындан 473 киши сыртка чыгып кеткен.



Россиянын Федералдык миграция кызматынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына таянсак, 2011-жылдын биринчи жарымында эле Россияда иштеш үчүн патент алган кыргызстандыктар эсе көбөйгөн. Жарым жылда 20 миңден ашык адам патент алса, дагы канчасы мыйзамсыз иш издеп барган. Расмий маалыматта Россияда 500 миңге чукул кыргыз атуулдары бар деген менен, алардын саны 1 миллиондон да ашып кеткени айтылып жүрөт. Эң эле олуттуу суроо - мигранттар кайра кайтып келеби же жокпу деген суроо болууда. Анткени, мурдагы Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги Кыргызстандан сыртка иш издеп кеткендердин көпчүлүгү кайра кайтпай жатышканын билдирип чыккан эле. Министрлик атайын талдоо жүргүзүп, мигранттардын көбү иштеген өлкөсүнүн жарандыгын алып, анан үй-бүлөсүн бүт көчүрүп кетип жатканын билдирген.

Акча которуу жана аны пайдалануу.Эл аралык миграция уюму мигрант тапкан акча кандай сарптала тургандыгын изилдеп көргөн. Анын натыйжасында которулган акчанын 10 пайызы гана андан ары көбөйтүүгө же соодага жумшалаары белгиленген. Ал эми негизинен жөнөтүлгөн акчанын олуттуу бөлүгү же 55 пайызы күнүмдүк муктаждыкка жумшалат. Ошондой эле 14 пайызы ири чыгашаларга – үй-жай сатып алууга, 10 пайызы билим алууга жана дарыланууга, 11 пайызы балдардын билим алуусуна жумшалган. 

Кыргызстандагы жагдайда мигранттардын акчасы кайда, кантип жумшалып жатканына дыкат иликтөө жүргүзүлүшү керек. Бир катар эксперттер жөнөтүлгөн акча жөнү жок же жалаң той-ашка кетип атат деп бир кезде үн салышкан эле. Албетте, жеке бир адамдын тапкан кирешеси кайда, кантип жумшалаарына мамлекет кирише албайт. Бирок мамлекет чакан ишкерликке жакшы шарттарды түзүү менен мигранттардын акчасын жалаң сатып алууга эмес, соода-сатыкка да салууга өбөлгө түзүп, аны көбөйтө алат. Бирок азырынча жөнөтүлгөн акчаны эсептегенибиз менен анын пайдаланылышына көз сала элекпиз. 

Миграция жана экономика. Дүйнөлүк Банктын эсептөөлөрүнө таянсак, Кыргызстанда мигранттар жөнөткөн акча ички дүң өндүрүмдүн 21 пайызын түзүп, акча которууга муктаж болгон 5 өлкөнүн катарына кирди. Мында ички дүң өндүрүмдүн 31 пайызын акча которуу түзгөн коңшу Тажикстан биринчи орунда болсо, Лесото, Самоа, Молдова өлкөлөрүнөн кийинки орунда Кыргызстан турат. Биринчи кезекте жумушчу күчтүн сыртка агылып кетиши менен өлкө экономикасынын өнүгүшү кооптуу болсо, экинчи жагынан башка өлкөнүн экономикалык абалына көз карандылык күчөйт. Мисалы, Россияда экономикалык кырдаалга жараша жумушчу күчү талап кылынып, экономикалык абалга жараша айлык акы төлөнүп берилет. 

Ошол эле учурда эмгекке жарамдуу калктын сыртка чыгып кетиши келечекте өлкөнүн өндүрүштүк көрөңгөсүнө кедергисин тийгизет. Буга кошумча канча деген жогорку билимдүү, мыкты адистердин чет өлкөлөргө кетиши илим чөйрөсүнө залака келтирип, ансыз да аксап турган билим берүү жана илими тутумундагы абал солгундап жатат. 

Миграция жана үй-бүлө.Тышкы миграциянын орчундуу көйгөйлөрүнүн бири үй-бүлө институтуна байланыштуу. Бул жагдайда үй-бүлө баалуулуктары басмырланып жатат десек болчудай. Акча табуунун айласы менен кетип, ал жакта башкага үйлөнүп алгандар, ата-энеси чогуу иштегени кетип, балдарынын кароосуз калганы канча. Албетте, чет жакта жүргөн ата-эне ошол балдары үчүн иш издеп кетип, акча салып, камсыздап турат. Бирок аларга тарбия берүү көз жаздымда калууда. Бир чети мигранттардын которгон акчасы жакырчылык менен күрөштө маанилүү роль ойнойт. Ошол эле Россиянын Федералдык миграция кызматынын маалыматына ылайык, эмгек мигранттары орточо 15 миң рублдан 50 миң рублга чейин эмгек акы алышат. Алар иштеп тапканынын негизги бөлүгүн Кыргызстанга жөнөтүү менен экономикага өз салымын кошууда. Алар жөнөткөн акча менен канча бир үй-бүлөнүн курсагы тоюп, иши жүрүүдө. Негизинен экономика жана социалдык жактан алганда акча которуунун орду чоң. Мигрант сырттан акча жөнөтүп, бул жактагы калктын жашоо турмушунун жакшырышына салым кошууда. 

Миграция жана коопсуздук. Миграциялык агым өлкөнүн экономикасына гана эмес, анын коопсуздугуна да таасирин тийгизет. Калктын агылып сыртка кетиши, айрыкча чек ара райондорунда жалаң кары-картаңдар менен жаш балдардын калышын шарттап жатат. Негизинен Россия менен Казакстанга агылган биздин атуулдардын ал жакта көргөн азап-тозогу бүгүнкү күндө аргасыздан болуп калды. Эмгекке жарамдуу калктын 30 пайызга жакыны сыртта жүрөт. Негизинен айыл тургундары сырт жакка чыгат. Бул жагдай да кооптуу. Айрыкча чек арага жакын аймактарда адам саны азайып, коңшу өлкөлөрдүн атуулдары экспансия кылып жатканы жашыруун эмес. Ушул шартты жөнгө салалы деп «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш аймактарда сугат жерлерге да үй салып алганга уруксат берели деп мыйзам долбоорун даярдап жүрөт. Буга кошумча айыл жерлеринен түз эле Россияны же Казакстанды көздөй бет алгандар кара жумуш менен алек болуп, Казакстанда канчасы алданып, кулчулукка кабылгандары да болууда. Мунун баары өлкөнүн коопсуздугуна, бүтүндүгүнө кедергисин тийгизиши мүмкүн. Демек, миграциялык агымды азайтыш керек. Бирок Кыргызстан азырынча сыртка кеткендердин санын азайтууга эмес, алардын сыртка чыгышына гана жакшы шарттарды түзүү аракетинде. Албетте, өлкө өзү иш менен камсыз кыла албаса, айласыз сыртка чыгууга көмөктөшөт. Бирок кыргыз эмгек мигранттары көп агылган Россия менен Казакстандын Бажы Биримдигине кирип, мигранттарга карата чектөөлөрдү киргизиши Кыргызстанды бул биримдикке кирүүгө аргасыз кылууда. Бажы Биримдигинин алкагында эмгек мигранттарына жакшы шарт түзүлүп, мүчө-мамлекеттердин жарандары ээн-эркин кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгүн алат. Бул жагдай да коопсуздук маселесин жаратат. Ансыз да ишсиз отурган жаштар Россияны, Казакстанды көздөй жөнөп, жылына 44 миңдеп эмес, 400 миң атуул чыгып кетиши ыктымал. 

Мээрим Ибраева, «Кабар» маалымат талдоо борбору
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу