Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/02 09:14
 

Баткен облусунда Бүргөндү каналын тез арада пайдаланууга берүү аракеттери жүрүүдө

Баткен облусунда Бүргөндү каналын тез арада пайдаланууга берүү аракеттери жүрүүдө

Облустун негизги кирешеси айыл чарбасынан алынат. Борбордон 1000 чакырым алыс аймакта жайгашкан аталган облусту аралап, алты дарыя өткөнү менен анын пайдасын өзбектер менен тажиктер көбүрөөк көрөт. Анын үстүнө акыркы жыйырма жыл аралыгында Баткен облусунда бир да канал курулбаптыр. Тескерисинче ирригациялык системалардын эскилиги жетип, четинен жарактан чыга баштаган. Ошентип элдин саны өскөнү менен дагы эле тескерисинче жердин көлөмү ошол бойдон кала берген. Натыйжада элет калкынын жерге болгон муктаждыгы күч алып, аталган аймактан жумуш издеп, башка жактарга өзгөчө Чүй бооруна калк көчө башташкан.
Бул көйгөйлүү маселеден улам мамлекет аталган аймактагы Кадамжай районуна караштуу Кара-Кыштак-Боз, Бүргөндү, Баткен районундагы Төрт-Гүл, Ак-татыр, Лейлек районундагы Максат каналдарын куруу жана реконструкциялоо иштерин жүзөгө ашыруу багытында мамлекеттик программага киргизилген. Бул программанын алкагында аталган каналдарды этап-этабы менен жүзөгө ашыруу милдеттери коюлган. Бул багытта Кадамжай районундагы Кара-Кыштак-Боз каналынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилер алдында турса, Бүргөндү өрөөнүнүн экинчи этабын өздөштүрүүгө багытталган Бүргөндү каналын тез арада пайдаланууга берүү аракеттери жүрүүдө.
Адистердин берген маалыматтарына таянсак жогоруда аталган суу чарба курулуштарын пайдаланууга берилиши менен сугат тармактарына өтө муктаж Баткен облусуна дагы кошумча 6 миң гектарга жакын жаңы жерлер өздөштүрүлөт.
  Өзгөчө стратегиялык аймак аталган Баткен облусунда суу маселеси оор. Дарыялардын саны көп болгону менен дээрлик көпчүлүк эгин аянттары электр энергиясынын жардамы менен суугарылат. Азыр абал шарты катаал Арка өрөөнүндө жеңил эмес. Тажик республикасына жакын жайгашкан Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айыл округунун дыйкандары же Арка өрөөнү тажик республикасынын Кайракым суу сактагычына көз каранды. Аталган суу сактагычка орнотулган насостук станциялардын жардамы менен 3 миң гектар айдоо аянттарына суу жеткирилет. Жергиликтүү калктын берген маалыматтарына таянсак эскилиги жеткен насостук станциялар суу үстүндө калкып туруучу кемеге орнотулгандыктан, кеменин дээрлик эскилиги жетип натыйжада салмагы оор 6 суу тартуучу кыймылдаткычтар чөгүп кетүү коркунучунда турат. Бийлик канчалык бат алмашканы менен Арка өрөөнүнүн артериясы болгон Арка насостук станциясы жаңыланган жок. Катаал шартта эмгектенген жөнөкөй суу чарба кызматкерлердин айлык маяналары араң эле 2000ден ашат. Ал эми ошол биз сөз кылып жаткан эскилиги жеткен Арка насостук станциясынын ремонт иштери менен электр энергиясына кеткен жалпы бир жылдык чыгымдын көлөмү 50 млн сомду түзөт. Мына ушул өңүттөн алып караганда 10миңден ашык калк жашаган Арка өрөөнүнө жылына 50 млн сом каражат коротуунун ордуна өз нугу менен Козу-Баглан дарыясынан келүүчү канал куруу маселеси курч бойдон калууда. Канча жолу сөз болуп, канча ирет ЖКнын депутаттары, Президенттер келишип, бул маселени чечебиз деген менен негедир чечилбей келет. 
Баткен элинин эмгекчилдигин жер сырын билген мыкты дыйкан экендигин эске алсак аталган аймактын айыл чарбасына өзгөчө көңүл бурууга зарыл. Антпесе улам калктын саны көбөйүп бара жаткан убакта миграциялык агым күч алып, чек ара айылдары ээнсиреп калышы талашсыз көрүнүш.
Адылбек Акматов “Кабар”
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу