Аналитика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
13/02 22:48
 

«Russia Profile»: Ливиядан оозу күйгөн Россия Сирияны үйлөп жатат

«Russia Profile»: Ливиядан оозу күйгөн Россия Сирияны үйлөп жатат

Россия Сирияда «ливиялык сценарийдин» кайталанып кетишине жол бергиси келбей атат

Бул аптада Сириядагы жагдай начарлап кетти жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Россияны Сириядагы чыңалууну жоюш үчүн бир тараптуу дипломатияны колдонбоого чакырды. Россиянын режимди алмаштырууга каршы позициясы чыныгы реалдуулук менен карама-каршы келип, «идеологиялык барымтада» калды көрүнөт. Орустардын өкмөт башчысы Владимир Путин бул аптада анын өлкөсү Сирияга карата өз позициясынан баш тартпай турганын айкын түшүндүрдү. Россия Башар Ассад бийликте калаарына жана эгерде непадам жаза тайып Ассад жакынкы аптада тактан кулай турган болсо ал өлкөдөгү өзүнүн таасирин курмандыкка чалаарына да ишенет.
Россиянын дарегине карата эл аралык коомчулуктун сын-пикирлери бул аптада БУУ тарабынан айтылды. Жакында эле Россия Кытай менен кошо Батыштын жана Араб Мамлекеттер Лигасынын режимди кулатуу жана оппозиция менен ачык сүйлөшүүгө баруу тууралуу биргелешкен планына вето койгон болчу. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун «БУУнун Коопсуздук Кеңеши бирдиктүү пикирге келе албагандыктан» Сириядагы жагдайды «кыйратуучу жагдай» деп айтты. Айрыкча ал Россия менен Кытайга ветосу тууралуу басым жасап, «бул кадам зомбулукту күчөттү. Вето Сирия өкмөтүнүн элге каршы аракеттерин күчөтүп жатканын колдоп берди. Миңдеген адамдар таш боордук менен өлтүрүлдү», - деп билдирди.
Россия «азыркы окуялар режимди кулатууга чакырык таштагандарга каршы колдонулган мамлекеттин ички иши болуп саналат» деп ырастайт. Премьер-министр Владимир Путин бул аптада «башка мамлекеттер Сириядагы абалга кийлигишкиси келип, өздөрүн «кытай фарфорун саткан дүкөнгө кирип алган букадай» алып жүрүшөт », деп сындады. Премьер ошондой эле «эл өз тагдырын өзү чечишине жолтоо болбош керек», деп кошумчалады.
Ошол эле маалда Россия жөн эле олтурбагандыгынын белгиси катары Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду Ассад менен сүйлөшүүгө Сирияга жөнөттү. Президент менен жолугушкандан кийин ал кабарчыларга Ассад баардык «белгилерди» туура түшүндү жана өлкөдөгү саясий реформаларды тездетүүгө ниеттенүүдө, аны менен катар оппозиция менен сүйлөшүүгө барууга даяр деп билдирди. Ошол эле күнү өкмөттүк аскерлер кыштактарга кол салуусун улантып, Ассаддын убадалары куру бекер сөз экенин, ал эми сүйлөшүүлөрдүн эч кандай мааниси жок экенин далилдеп койду.
Россияны, Украинаны, Беларусияны жана Борбор Азияны иликтөө боюнча Берлиндеги «Bertohld Beitz» борборунун директору Александр Рахр мындай аракеттерди россиялык өкмөттүн мурда дипломатиялык ыкма катары бир нече жолу пайдаланылган «тажатмасы» деп атады. «Косового согуштук жактан аралашууга, Иракка кол салууга, Ливиядагы согушка чейин Россия болгон күчү менен ортомчу болуу аракетин көрүп келген», - дейт Рахр. «Бирок Россиянын позициясы ачык эмес болчу. Россиянын кайрылуусу эч кандай дипломатиялык күчкө ээ эмес, ал Батыш менен чогуу да аракет кылган жок, АКШ менен Европанын кысымында калган мамлекеттин реалдуу коргоочусу да боло албайт».
  Россиянын таасирине ишеничтин жетишсиздиги Ассаддын убадалары эч нерсеге жарабай калышынын себептеринин бири болду окшойт. «Россия - Сириялыктар олуттуу кабыл албай турган өлкө, ага чейин Ливиялыктар олуттуу кабыл алган эмес, эми Россиядан кандай түрдө жардам күтсө болот», - дейт Рахр. 
«Ассаддын президент болушуна ишеним азайган сайын Россия өзүнүн реалдуу максаттары менен Батыш ишке ашыргысы келип жаткан режим алмаштыруу идеологиясынын ортосунда «туткун» болуп калды»,- дейт Россиянын коргонуу маселелери жана эл аралык мамилелер боюнча эксперти Павел Баев. «Бул баскычта реалдуу саясатка караганда идеология маанилүү. Себеби саясий кызыкчылык ийкемдүүрөөк болушу керек, режим чектен чыгып кетти жана алмашууга тийиш, ал эми мен Россия тараптан эч кандай соодалашууну көрө алган жокмун», - дейт ал.
«Эгерде Ассаддын үзөңгүдөн буту тая турган болсо, Россия сүйлөшүү саясатынан баш тартат, ал эми Россия менен Кытайдын ветосунан соң БУУга да кайрылууга мүмкүн эмес»,-деп жазат «Глобалдык саясаттагы Россия» журналынын редактору Федор Лукьянов. «БУУнун Коопсуздук Кеңешинде жаңы резолюция болбойт», - деп белгилейт ал. «Санкциясы жок алга жылыш үчүн Башар Ассаддын ыйгарым укуктары чектелиши керек жана азыр ошондой болгону турат».
«Сириядагы жагдайда уламдан-улам чара колдонуу зарылдыгы бышып жетилгенинин эске алганда, чындыкка жакын сценарий болуп БУУдан тышкары коалиция түзүү жагын карап көрсө болот», - дейт Баев. «Ал санкция киргизүүгө ниеттенип же интервенциялоо тууралуу маселени көтөрүп чыгышы мүмкүн».
  Россияга Батыштын сын-пикири таасир этиши күмөн, бирок коңшулаш Сирияда болуп жаткан окуяларга абдан эле нааразы болгон Түркия Ассаддын режиминен баш тартырыш үчүн Россияны көндүрүүдө  маанилүү  роль  ойношу  мүмкүн.

Эндрю Рос
«Russia Profile», 9-февраль, 2012 –жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу