13.02.2012, 12:51

CNN: Түркия Сирия боюнча ары карап ыйлап, бери карап күлүп жаткан кези

CNN: Түркия Сирия боюнча ары карап ыйлап, бери карап күлүп жаткан кези

Эмне үчүн Түркия Ассадга болгон кысымды күчөтүп атат?

Редактордон эскертүү: Фади Хакура Лондондогу «Chatham House» борборунун ассоциация мүчөсү жана түрк долбоорунун жетекчиси болуп эсептелет. Ал Түркиянын саясаты, экономикасы жана тышкы саясаты боюнча, ошондой эле Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелер тууралуу макала жазып, дарс окуп жүрөт.
Башар Асаддын режимин кулатуу боюнча дүйнөлүк аракеттердин так эле чок ортосунда болгон Түркиянын өтө эле активдүү тышкы иштер министри Ахмет Давутоглунун пикиринде, Сирия «болуп көрбөгөндөй жагдайга» тушукканы турат.
Эки жыл мурда эле мамилелер таптакыр башкача болчу. Түркиянын өкмөт башчысы Реджеп Тайип Эрдоган Ассадды жакын досу катары саначу жана Сирияны «кой оозунан чөп албай» тынч мамиледе жашап жаткан кошуна катары даңазалап келген.
Алардын 850 чакырымга чектешкен чегарасындагы соода он эсеге күчөп, Түркияда сепаратисттик иш жүргүзгөн күрддөрдүн «Күрдстандын жумушчу партиясы» менен болгон күрөштө коопсуздук тармагындагы кызматташтык гүлдөгөн болчу. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы визалык чектөө алынып салынган.
Эгерде өткөн тарыхты эске сала турган болсок, мамилелердин мындай өзгөрүшү таң калыштуу деле эмес. Түркия менен Сирия эч качан стратегиялык мамилердин ырахатын көрүшкөн эмес жана алардын кызыкчылыктары 2003-жылы болгон Ирак согушунда дал келип, эки өлкө мындан пайдаланып көз карандысыз Күрдстанды Ирактын түндүгүнө сүрүп ташташкан. Мындан тышкары эки өлкөнүн жетекчилиги Израиль менен болгон мамилелерде жалпы кызыкчылык табышкан. Алардын мамилелери тактикалык мүнөздө болуп, психологиялык жактан алганда жалпы баалуулуктарга ээ болгон эмес эле.
Андан соң араб дүйнөсүн кучагына алган элдик көтөрүлүштөр Тунистеги, Египеттеги, Йемендеги жана Сириядагы туруктуулуктун ишпалдасын чыгарды жана акыры соңу көптөн бери келе жаткан диний чыңалуу ачыкка чыкты. Ассаддын чалгындоо жана коопсуздук кызматтарында негизинен алавит азчылыгы (шииттик исламдын синкреттик жана мистикалык бөлүгү) жетекчилик кылат. Ага Сириянын калкынын сунниттик бөлүгү каршы болуп келген.
Мусулман суннит Эрдоган эч ойлонбостон туруп Ассадга каршы чыккан элди жактады. Түркия Ирандын өзөктүк программасын коргоп чыккан жана Ирак менен тыгыз кызматташкан күндөр да артта алды. Анын ордуна Түркия Вашингтон менен болгон мамилесин оңдоп, аны менен бирге Ассадды кулатууга аракет көрө баштады, ошол эле маалда Перс булуңундагы араб мамлекеттери менен шериктештигин бекемдеп, Иранга түс үйрүп катуу иш-аракеттерди баштады.
Түркияга окшогон мындай аймактык оюнчулар менен кызматташуу АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон «акылдуу күч» деп атаган жакшы мисал болуп калды. «Акылдуу күч» стратегиясы - башка аймактык оюнчуларга жоопкерчилик жүктөө жана Америка Афганистан менен Иракта согушту аяктап жаткан кезде аскерлер жана акча сыяктуу өлкөнүн ансыз да чектелген ресурстарын коротпоо стартегиясы.
Түркия Ассаддын кетишин талап кылып жаткан Сирия элине карата өзүнүн сектанттык жакындыгынан улам Ассаддын позициясына каршы чыкты. Ошондой эле ал Жакыны Чыгышка таасир көрсөтүү боюнча өз каалоосун ишке ашыргысы келип жүрөт жана өз атаандашы болгон Ирандын аймактык амбицияларын тизгиндесем деген оюу бар. Бир жагынан алганда АКШ Ирандын өзөктүк программасына чекит койгусу келип жатат.
Дамаскиге каршы күчөп жаткан талаш-тартышка карабай, Түркиянын варианттары кыйла чектелүү экени көрүнүп калды. Россия менен Кытай БУУнун мындан аркы демилгелерине тоскоол болмокчу, Араб Мамлекеттер Лигасы өзүнүн легитимдүүлүгүн жоготту, ал эми Ассадга каршы чыгып жаткан альянстардын позициясы бекемделди.
Жарга такалган жагдайдын борборунда Ассаддын династиясынын келечеги турат. Түркия жана анын достору режимдин алмашуусун колдошот, Ассад жана анын союздаштары режимдин туруктуу сакталышына жан үрөөдө. Сириядагы жагдайды Түркиянын пайдасына кантип чечиш керек деген суроого түрк дипломатиясы баш катырып аткан кез.
Түркия карманып жаткан варианттардын бири – бул макулдашылган чечим. Шаршемби күнү Анкарадагы эл аралык жыйында Сириядагы зомбулукка чекит коюу тууралуу сунуш айтылды. Сүйлөшүүлөр үчүн бекем эрк жана компромисске барууга даярдык керек, дал ушул экөө азыр жетпей турган учуру.
Мунун баары мындан аркы тобокелчил вариант гана калганын көрсөтүп турат. Түркия Сириянын улуттук кеңешин жана Эркин сирия армиясын өз бооруна тарткан. Мындан аркы иш-чаралар үмүтсүз сириялык оппозициясынын биригишин жана Сириянын куралдуу топторуна кошумча материалдык-техникалык жана башка колдоо керектигин көрсөтүп турат.
Түркиянын түздөн-түз аскердик аралашуусу Россиянын жана душмандашып жаткан Ирандын кыжырына тиери айдан ачык, эки өлкө тең Түркиянын энергетикалык суроо-талабынын көпчүлүк бөлүгүн камсыз кылат.

Фади Хакура, түрк талдоочусу:
Эң коркунучтуу жери - Түркия Сирия боюнча бир тараптуу багытта саясат жүргүзүп, ошол эле маалда АКШ жана европалык державалар менен Перс булуңундагы араб мамлекеттеринин колдоосуна ээ болгондугу. Бул Түркияны сектанттык жарандык согушка айланып бара жаткан сормо сазга батырат. Акыры аягы Сириядагы башамандыктар Түркиянын этностук жана диний ар түрдүүлүгүнө жеңил гана өтүп, таасир этиши мүмкүн.
Ошондой эле Түркиянын түздөн-түз согуштук кийлигишүүсү Түркиянын энергетикалык суроо-талаптарынын үчтөн бир бөлүгүн камсыз кылган Россиянын жана касташкан Ирандын кыжырын кайнатышы мүмкүн. Түркия былтыр өз аймагына НАТОнун колдоосу менен Ирандын алыс атыла турган ракеталарын нейтралдаштырыш үчүн эртелеп эскертүүчү татаал америкалык радиолокациялык системаны жайгаштырууга уруксат бергендиги үчүн Тегеран Анкарага ачууланып жаткан кези.
Түркия чыны менен кыйын абалда, бычактын мизиндей кылтылдаган бийликтин жанында, начарлап бара жаткан аймакта турат. Ал жагдайды көзөмөлгө ала албайт, бирок жагдай аны көзөмөлгө алууда. Акыры аягы жыйынтык кандай болоорун эч ким болжоп билбейт.

Фади Хакура
CNN, 10-февраль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»