Аналитика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
12/02 18:03
 

«Buenos Aires Herald»: Иран АКШнын санкцияларын натыйжасыз деп эсептейт

«Buenos Aires Herald»: Иран АКШнын санкцияларын натыйжасыз деп эсептейт

Иран Американын санкцияларын «психологиялык согуш» жана «ормон опуза» деп баалады

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) расмий өкүлү Тегерандын Борбордук банкына карата киргизилген АКШнын жаңы санкциясы тууралуу сын-пикир айтты жана аны «антогонисттик кыймыл» деп баалады. Ошондой эле ал «Ислам Республикасынын өкмөтүнө басым көрсөтүүгө аракет кылып, АКШнын өкмөтү өз банктарына жаңы ыйгарым укуктарды берди, ага ылайык алар Иран өкмөтүнүн активдерин токтотуп коюшат, бирок бул иш-чаралар эч кандай натыйжа бербейт», - деп билдирди.
Азыр эми Иран парламентерийлери Иран мунайын Европа Биримдигине (ЕБ) экспорттоону тыюу сала турган мыйзамды кабыл алууну тездетүүгө ниеттенишүүдө. Бул Евробиримдиктин Иран мунайын импортоо тууралуу чечими күчүнө киргенге чейин ишке ашат. Мындай иш-аракеттер Иранга өзөктүк программа боюнча кысым көрсөтүүнү ого бетер күчөтөт.
Президент Барак Обама тарабынан кол коюлган акыркы америкалык санкция Ирандын Борбордук банкына карата колдонулган чара болду жана ал буга чейинки Тегеранга каршы санкцияларды бекемдөөгө багытталган.
Иран ТИМинин расмий өкүлү мындай чаралардын «түбү натыйжасыз бүтөт» деп белгиледи. «Бул писхологиялык согуш, анын натыйжасы жок... Эч кандай жаңы нерсе көрсөтө алышкан жок, бул 30 жылдан бери уланып келе жатат», - деп билдирди Иран ТИМинин расмий өкүлү Рамин Мехманпараст АКШ менен Ирандын отуз жылдан берки өз ара каршылашуусу жөнүндө.
Батыш менен болгон тирешүү өткөн айда Вашингтон менен ЕБ ОПЕКтеги мунайдын экинчи экспортоочусуна мунай сатууда кысым көрсөтүүгө аракет кылган соң күчөп кетти. Муну менен алар Тегерандын өзөктүк курал жасоо дымагын токтотууга аргасыз кылгысы келген болчу. Батыш Тегеран атом бомбасын жасоону каалап жатат деп шектенүүдө.
23-январда ЕБ Ирандын мунайын сатып алууга чек койгондон кийин, Ислам Республикасы буга окшогон санкцияга жооп кылып өз санкциясын киргизе турганын айтты. Ошол эле маалда 30-январга белгиленген Евробиримдикке мунай сатууну токтотуу маселеси талкуулана турган парламенттик жыйын болбой калды. Обамынын иш-аракеттери Иран парламентчилерин жооп кылууга түрттү жана алар Евробиримдиктин айрым өлкөлөрүнө мунай экспортун тыя турган мыйзамды тездетип кабыл алууга даяр экенин билдиришти.
«Европалык өлкөлөрдүн Иран мунайын импорттоого тыюу салуу тууралуу иш-чараларына жооп кылып, биз анын бир катар өлкөлөрүнө Иран мунайын экспорттоого тыюу салууга даярбыз», - деп билдирди депутат Мохаммад Джавад Карими-Куддуси. «Мыйзам кабыл алынганы турат. Ал Евробиримдикке мунай экспортун тез арада токтотууга өкмөттү аргасыз кылат. Мыйзам ошондой эле Евробиримдиктен келчү бардык товарларды импорттоого тыюу салат», - деп айтты «Fars» маалымат агенттигине берген маегинде депутат Парвиз Сарвари. Ал ошондой эле көпчүлүк депутаттар мыйзамдын кабыл алынышын тездетүү тууралуу идеяны колдоорун кошумчалады.
Мехманпараст күчөп бара жаткан эл аралык кысымдарга карабай өлкөнүн диний жетекчилиги өзүнүн өзөктүк өнүгүү багытын өзгөртпөй турганын билдирди. Иран өзөктүк технологиялар курал жасаш үчүн эмес, электр энергиясын иштеп чыгыш үчүн зарыл деп ынандырууда.
«Санкциялар биздин өзөктүк программабызга эч кандай таасир эте албайт жана Батыштын каалаганы боло койбойт. Эч кандай логикага сыйбай турган санкциялар мамлекетибиздин калыптануу прогрессин гана тездеткенин тарыхыбыз көрсөтүп турат», - деп айтты Мехманпараст.
АКШнын Конгрессине жазган катында Обама «Иран банктары Ирандын өзөктүк программасына карата киргизилген АКШнын жана башка державалардын каржылык санкцияларын бузуш үчүн операцияларын жашырып жатышат»,- деп билдирди.
Буга чейин америкалык банктар Ирандын транзакцияларын тоңдуруп же токтотуп салбастан, баш тартууга милдетүү болушчу. Эми Обаманын буйругуна ылайык америкалык каржы мекемелери Ирандын мамлекеттик активдерин өздөрүнө алып калат жана мурдагыдай кайтарып бербейт.
АКШнын жаңы тыюусуна кабылган Иран активдеринин жалпы суммасы канча экени белгисиз, бирок Мехманпараст «Ирандын Кошмо Штаттар менен эч кандай каржылык операциясы жок» деп билдирди.
Мехманпараст Иран жакында Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Кэтрин Эштонго ири державалар менен сүйлөшүүлөрдү жаңыртуу тууралуу кат жөнөтө турганын айтты. «Иран жакшы жана конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү дайыма колдоп келген... Бирок биздин өзөктүк технологиялар боюнча программабыз эч кандай талкууга алынбай турганын дайыма айтабыз»,- дейт Мехманпараст.
2010-жылдын январында болгон акыркы жолку сүйлөшүүлөрдө Иран уранды байытуу боюнча өзүнүн ишинен баш тартпасын айтып, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жана алты дүйнөлүк державанын талаптары ишке ашпай калган. Эгерде дипломатия Иран менен болгон өзөктүк талаш-тартыштарды токтото албаса, Вашингтон менен Израиль аскердик иш-аракеттерди жокко чыгарбайт.
Иран да тим калбай жооп узатаарын, Американын базаларына чабуул жасаарын, ошондой эле Ормуз кысыгын жаап салаарын билдирди.

«Buenos Aires Herald», 8-февраль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу