Аналитика

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
11/02 17:36
 

«Asia Times»: НАТОнун Тажикстандагы куралга байланыштуу демилгеси

«Asia Times»: НАТОнун Тажикстандагы куралга байланыштуу демилгеси

НАТОнун анча натыйжасыз демилгеси

Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму (НАТО) Тажикстанда катылган ок-дары менен курал-жаракты жок кылуу боюнча долбоорду ишке киргизди. Бирок Афганистандагы окуялар жана Европа менен АКШнын бюджеттик маселелери НАТОнун Борбордук жана Түштүк Азиядагы долбоорлорун толук жүзөгө ашырууга жолтоо болууда. Дагы бир анча чоң эмес кадам стратегиялык иштелмелердин натыйжасында чоң мааниге ээ болушу мүмкүн. Бирок расмий билдирүүлөргө карабай, НАТОнун башка приоритеттери бар көрүнөт. 31-январда НАТО мурдагы советтик республиканын аймагында курал жана ок-дары катылган жашыруун жайларды издөө тууралуу долбоорду ишке киргизүү боюнча Тажикстан менен өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду. Курал-жарак складдары эгемендүүлүккө жеткенден кийин өлкөнү эки жаат кылып кагылыштырган 1992-1997-жылдардагы атуулдук согуштун убагынан калган.
Келишимдин алкагында табылган курал-жарак жана ок-дары жок кылынып, зыянсыздандырылышы керек. НАТОнун өкүлдөрүнүн айтымында, каралбай калган складдарда авиабомбалар, ири калибрдүү пулеметтер, реактивдүү грантометтер, ошондой эле ийинден атылчу «Жер-Аба» классындагы ракеталар бар. Аталган макулдашуу НАТОнун тажик өкмөтү менен түзгөн буга окшогон биринчи келишими эмес. Ошондой эле долбоордун негизги катышуучулары Япония жана Швейцария болуп эсептелет.
Өзүнүн долбоорлору менен катар эле НАТО коргонуу боюнча реформаларды жүргүзүүдө каражат бериш үчүн ар кайсы өлкөлөрдү евроатлантикалык аймакта жана анын чегинен тышкаркы жерлерде топтоп жаткан кези. Ушул жылдардын аралыгында НАТО Евразиянын трасттык фонду аркылуу Грузия, Афганистан, Азербайжан жана Казакстан менен шериктештигин камсыздады.
НАТОнун акыркы ишеним келишиминин негизги милдети - Афганистан менен чектешкен түштүк тажик чегарасындагы курал-жарак аткезчилигин токтотуу болуп саналат.
Афганистанга ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн бүдөмүк келечеги, ошондой эле 2014-жылдын соңунда НАТОнун аскерлерин ал жактан чыгарып кетүү планы бул долбоордун натыйжалуулугуна ишеним арттырбай турган кези. Афганистандан аскерлерди чыгарып кеткенден кийин ал жер жарандык согуштун очогуна айланат, ал эми «Талибан» бийликке кайтып келет коркунуч кеңири кулач жайганы талашсыз. Эмнеси болсо да Афганистанда жаңыдан жарандык согуш чыгып кете турган болсо, бүтүндөй Борбор Азияга коркунуч жаратмакчы.
НАТОнун коргоо министрлери менен 2-февралда болгон эки күндүк иш сапары аяктагандан кийин НАТОнун башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен 2014-жыл - эл аралык аскерлерди чыгарып кетүүнүн мөөнөтү болуп аныкталганын билдирди. Мындан тышкары НАТОнун коргоо министрлери «афган аскерлери демилгени өз колуна алат, биз болсо негизги миссиябызды - ал аскердик, кеңешчилик же окутуучу иштер болобу - улантышыбыз керек» деген бүтүмгө келишкен. Бул кандай жол менен ишке ашаары май айында өтө турган НАТОнун саммитинде талкууланмакчы.
Афганистандан аскерлерди чыгарып кетүү мөөнөтүн НАТО ачыкка чыгарышы АКШнын коргоо министри Леон Панеттанын 1-февралда жасаган күтүлбөгөн билдирүүсүнө байланыштуу болду. Ал «2013-жылдын ортосунан баштап Афганистандагы Американын аскерлери өздөрүнүн аскердик ишин токтотот» деп билдирди. НАТОнун союздаштарын жана афган өкмөтүн ишендириш үчүн Вашингтон «2014-жылга чейин америкалык аскерлер толук бойдон согуштук даярдыкта калышат» деп да кошумчалады.
Вашингтон билдирүү жасаарда, тагыраак айтканда 27-январда Карзай Парижге барганда француз президенти Николя Саркози Афганистандагы француз аскерлери 2014-жылы эмес, 2013-жылдын аягы менен үйлөрүнө кайтат деп белгиледи. Ошондой эле Европа менен АКШнын НАТОнун Борбордук жана Түштүк Азия боюнча «шериктеш кызматташтыгына» коркунуч жарата турган каржы маселелери дагы бар. Мисалы, 4-февралда коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясында Панетта эл аралык коомчулукту, биринчи кезекте ошол эле НАТОну 2014-жылдан кийин Афганистандын улуттук коопсуздук күчтөрүн каржылоодо Америкага жардам бергүүгө үндөдү. Афган коопсуздук күчтөрүнүн саны 352 миң адамдан турушу керек, жана Вашингтондун эсеби боюнча окутуу менен курал-жаракка кеткен чыгымдар жыл сайын болжол менен 6 млрд. долларды түзүүгө тийиш. НАТОнун көпчүлүк мамлекеттеринин, айрыкча альянстагы Европанын карыз болгон өлкөлөрүнүн коргонууга кеткен чыгымдарды азайтыш үчүн НАТО «натыйжалуу коргонуу» деген жаңы концепцияны иштеп чыгууда. Коргонуу маселесин чечүүдөгү жаңы мүмкүнчүлүктөрдун бири альянстын ичиндеги чыгашаларды бөлүштүрүүгө негизделип, кымбат аскердик жабдууларды биргелешкен каражатка сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү каралууда.
Мындай ыкма көп мамлекеттердин кызматташтыгына негизделмекчи. Бирок ушул кезге чейин «натыйжалуу коргонуу» реалдуулук жана бюджеттик чектөө менен байланышып келет. Алар НАТОнун Тажикстан сыяктуу майда масштабдуу, же Афганистан сыяктуу ири масштабдуу эл аралык операцияларынын алындагы жоопкерчилигин коркунучка такап, кайсы күн болбосун «эл караган бетин жер каратып коюшу» толук мүмкүн.

Эммануэль Скимия
«Asia Times», 8-февраль, 2012-жыл
Которгон
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу