Аналитика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
11/02 16:29
 

«Economist»: Иран менен Израилдин ортосунда чын эле согуш болот окшойт

«Economist»: Иран менен Израилдин ортосунда чын эле согуш болот окшойт

Израиль менен Иран: тирешүү жетээр чегине жетип аткан кез

Америка колдойбу же колдобойбу, баары бир Израил Иранга абадан чабуул кое турган учур жакындап калды көрүнөт. Азыркы окуялардын баары Иранды сүйлөшүүгө аргасыз кыла турган жана санкцияларды күчөтө турган тыкыр ойлонулган өнөктүктүн, имиш-имиштер менен айың кептин бир бөлүгү болуп саналабы же Ирандын өзөктүк обьектилерине жакында чын эле кол салуу болобу? Кыязы, бул варианттардын бири жалган болсо керек, жана жагдайды талдап жаткан эл бул тууралуу ар кандай талаш-тартыш жүргүзүп, элейип кулак түрүп турган кези. Февралдын башында коопсуздук боюнча Израилде болгон жыл сайын өтүүчү жыйында аскердик элитанын жана чалгындоо кызматынын өкүлдөрү Ирандын өзөктүк багытта күчтөнүп жатышына кабатырланып жатышканын билдиришти. Израилдин жаасу катуу коргоо министри Эхуд Барак «кол салуунун ыңгайы тез эле колдон чыгып баратат, себеби Ком шаарынан анча алыс эмес жайгашкан Фордоудагы жер алдындагы обьектиге центрифугаларды жеткирүү уланып жатат. Бул Иран үчүн «коргонуу иммунитетин» түзөт жана ал сырттан кийлигишкен аракеттердин бирин да көзгө илбей бомба жасай алат»,- деп билдирди. «Жылдын ортосунда күчүнө кире турган санкциянын акыркы айлампасынын жыйынтыктары кандай болоорун» күтө туралы деген пикирлерге каршы сүйлөгөн Барак «абдан эле кеч болуп» калышы мүмкүн экенин эскертти. Ал көпчүлүк эксперттердин баасы иш-аракеттерге жолтоо болуп жатат, бул болсо өз кезегинде Иракты өзөктүк державага айландырат деп «көзү ачыктык» кылды. «Ал эми мындай «тиш каккан» Иран менен каршылашуу ого бетер кыйын жана каржылык жактан кымбатка турат»,- деп кошумчалады. Эхуд Барактын америкалык кесиптеши Леон Панетта Брюселлде НАТО боюнча өз кесиптештери менен өткөн жолугушууда Израиль Иранга асман ачык болгон учурда, апрелде, майда же болбосо июнда кол салышы мүмкүн деген божомолун айткан. Панетта муну басма сөз үчүн айткан эмес болчу, көп өтпөй ал өз сөзүн танып чыкты. Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи 3-февралда радиоберүүдө сүйлөп, өз өлкөсү Америка коркутабы же Израиль коркутабы баары бир өзөктүк программадан баш тартпай турганын айтты. Ал Израилди «операция жасап, алып сала турган зыяндуу шишик» деп, эгер согуш чыгып кете турган болсо Иран үчүн эмес, америкалыктарга ондогон эсе коркунучтуу болоорун да айтып, айбат көрсөттү. Хаменеи аны менен катар аймактык союздаштарын Израилге кол салууга чакырды. «Иран азыр мурда болуп көрбөгөндөй алсыз болуп турган сионисттик режимге каршы чыга турган кандай гана уюмду же болбосо режимди колдоого даяр», - деп айтты ал. Болжолу бул чакырык жоопсуз калат болуш керек. Ирандын бул аймактагы негизги союздашы болгон Сирия өкмөтү башка маселелерди чечүү менен алек. Эгерде Сириянын режими кулай турган болсо Ливандагы жана Газадагы Иранды колдогон топтор өзүнүн жүк ташый турган жолдорунан ажырайт. Күчөп бара жаткан оозеки согуш менен катар эле кадимки кагылышууга аскердик жактан да толке даярдык жүрүп жатат. Кургактагы аскерлердин командачысы болгон Иран революциясын коргоочулар корпусу өлкөнүн түштүгүндө, Ормуз кысыгынан анча алыс эмес жерде машыгууларды жүргүзүп жатканын маалымдады. Ал эми Америка акыркы он жылдагы өзүнүн ири десанттык машыгууларын баштады. Израилдин атайын кызматтарынын «DEBKAfile» аттуу веб-сайтында көп сандаган америкалык жоокерлер кысыктан анча алыс эмес жайгашкан эки аралга - Омандагы Масир жана Йемендеги Сокотра аралдарына жайгашканы тууралуу маалымат жарыяланды. Тынчсыздануунун белгилерине карабай биз «Иранга сөзсүз түрдө кол салуу болот, Израиль бир тараптуу аракеттерге  даяр» деп айта албайбыз. Эгерде Израиль Иранга чабуул жасай турган болсо Америка аны колдойбу же өз алдынча чабуул коебу - ал жагы да түшүнүксүз. Израилдин Аскер-аба күчтөрү өз алдынча натыйжалуу авиациялык чабуул кое алабы же жокпу – аны Израилдин жогорку даражалуу лидерлери (жана балким америкалыктар) гана даана билишет. Коомчулукту тынчытууга аракет кылып, 5- февралда президент Барак Обама «Израиль алыскы иш-аракеттер үчүн чечим кабыл алды жана эки өлкө тең бул маселени чечиш үчүн дипломатиялык деңгээлде биргелешип иш алып барат»,- деп айтты. Обама Иранга кол салуу ноябрда президенттик шайлоонун алдында негизги окуя болуп калышы мүмкүн экендигин жакшы түшүнөт. Бирок ал «аскердик президент» катары пайда табабы же мунайдын баасынын кымбатташы менен экономикалык кулоодон улам колдоосунан ажырайбы – азырынча арсар экенин да билет. Согуштук аракеттердин натыйжалары айрымдар коркуп жаткандай кыйратуучу күчкө ээ болбошу да мүмкүн. АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфельд «белгилүү белгисиздик» жөнүндө айтканы бар. Тилекке каршы, чечимдер Обамага караганда Эхуд Барак менен премьер-министр Беньямин Нетаньяхудан көбүрөөк көз каранды болмокчу.

«Economist», 10-февраль, 2012-жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу