Аналитика

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
10/02 11:37
 

«Financial Times»: Путиндин рейтинги түшүп жатат

«Financial Times»: Путиндин рейтинги түшүп жатат

Путин шайлоонун экинчи туруна даяр

Россиянын өкмөт башчысы Владимир Путин марттагы шайлоодо жеңишти камсыз кылыш үчүн экинчи турга бара турганын мойнуна алды көрүнөт. Бул өкмөт башчы өзүнүн төмөндөп бараткан рейтинги жөнүндө көз жумду мамиле кылып жатканынан кабар берет.
Путин президенттик кызматка үчүнчү жолу келүү менен шайлоодо жеңишке жетишээринен эч ким шек санабайт, бирок шайлоонун жыйынтыктары анын популярдуулугун текшермекчи.
  Өткөн эки жолку президенттик жарышта Путин болуп көрбөгөндөй жеңишке жетишкен, бул болсо көптөгөн оппозициялык талапкерлер шайлоого кошулбагандыгы менен түшүндүрүлөт. Бул жолу коммунист Геннадий Зюгановго окшогон «жеке чыккан» талапкерлерге каршы чыгып жатып Путин болжолу 4-мартта боло турган шайлоонун биринчи турунда  50  пайыздык тосмодон өтө албай калышы мүмкүн. 
 

«Мен буга даярмын, бул жерде корко турган эч нерсе жок», - деп айтты шаршемби күнү Путин. Экинчи тур экинчи орунга келет деген талапкер Зюганов менен  25-марттан кечикпей өтүшү керек. 
 Экинчи тур Путин үчүн начар болуп калыш мүмкүн. Алгачкы жолу мындай абал  1996-жылы болгон шайлоодо Борис Ельциндин башынан өткөн. Ельцин менен салыштыруудан Путиндин саясий командасы жанталашып качып жатат. Ельциндин популярдуулугу ошондон кийин туруктуу түрдө төмөндөп жүрүп отурган жана 1999-жылы Россия башаламандык чегинде калган кезде ал өз ыйгарым укуктарын Путинге өткөрүп берген. 
 Акыркы жылы Путинге болгон ишеним жана колдоо кескин түшүп кетти. 2010-жылдын соңунда 63% россиялыктар «Силер өкмөт башчы Путинге ишенесиңерби?» деген суроого оң жооп беришкен. Бирок «Public Opinion Foundation» («Коомдук пикир фонду») агенттигинин маалыматына караганда, 2012-жылы эле бул суроого 44 пайыз гана россиялыктар оң жооп узатышкан. Дагы башка иликтөөчү агенттик «Левада центр» билдиргендей, 2010-жылдын декабрынан 2011-жылдын декабрына чейинки аралыкта өкмөт башчысынын рейтинги 60 пайыздан 37 пайызга чейин азайган. 
 

Социалдык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы Путин биринчи турдагы 50 пайыздык тосмодон араң өтүшү мүмкүн экендигин көрсөтөт, бирок шайлоого чейин дагы бир ай бар. Коомдук пикир фондунун сурамжылоосунун жыйынтыгы боюнча 44 пайыз россиялыктар Путин үчүн добуш бериши мүмкүн. Ал тургай жооп бергиси келбеген 11 пайыз шайлоочуну эсептебегенде да, Путин үчүн 19 пайыз шайлоочу добуш берет. Ал эми калган 13 пайыз суралгандар чечим кабыл ала электигин билдиришкен.
«Левада центр» агенттигинин сурамжылоосунун жыйынтыгында экинчи тур боло турган болсо Путин жеңишке оңой эле жетишмекчи.

Чарльз Кловер
«Financial Times», 1-февраль, 2012 –жыл
Которгон –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу