Аналитика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
09/02 22:13
 

«New York Times»: Германия Казакстандагы сейрек кездешчү металлдарды казмай болду

«New York Times»: Германия Казакстандагы сейрек кездешчү металлдарды казмай болду

Германия менен Казакстан сейрек кездешчү металлдарды иштетүү боюнча келишимге кол коюшту

Берлин. Шаршемби күнү Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев стратегиялык шериктештик жөнүндө макулдашты, ага ылайык немис компаниялары Казакстанга технологиялык жана башка тармактарга инвестиция жумшоо менен Казакстандын сейрек кездешчү материалдарын, чийки заттарын иштетүүгө укуктуу болду.
Башкы келишимге эки өлкөнүн өнөр жай жана технология министрлери кол коюшту, ал өз ичине жалпы баасы 4 миллиард АКШ долларына бааланган 50 өзүнчө келишимдерди камтыйт.
Жетишилген келишимдердин арасында келечекте немис компанияларына сейрек кездешчү металлдарды чалгындоо жана казып чыгууга шарт түзгөн 17 келишим бар. Аталган элементтер алдыңкы технологиялар үчүн өзгөчө маанилүү болуп, смартфондордон тартып күн батареялары менен гибриддик автоунаалардын аккумуляторлоруна чейин колдонулмакчы. Көпчүлүк элементтер учурда Кытайдан сатылып алынат.
 

Бирок келишим эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан кескин сынга кабылды. Алар экономикалык келишимдер эгерде Назарбаевдин өкмөтү адам укуктарын жана сөз эркиндигин колдосо гана кол коюлушу керек деп чыгышты.
Ошондой эле укук коргоочу топтор Казакстанда декабрь айында, өлкөнүн көз карандысыздык күнүндө эмгек шарттарын жакшыртууну талап кылган мунайчылар менен полициянын ортосунда болгон тополоңдо ММКга кысым көрсөтүлгөнү тууралуу бир аз мурда болгон жагдайларды эске салышты. Бул кагылышууда 14 киши курман болгон. Шаршемби күнү Назарбаев журналисттерге «полиция өзүн-өзү коргош үчүн аракет кылган», деп билдирди жана көз карандасыз иликтөө жүргүзүүгө убада берди.
«Адамдын негизги укуктарын бузган өлкө экономикалык инвестиция үчүн жакшы чөйрө болуп эсептелбейт», - деп айтты «Хьюман Райтс Вотч» укук коргоо уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.
  Былтыр Казакстан менен Германиянын ортосундагы соода 20% көбөйгөн же болбосо 6,3 миллиард еврого көп болгон, бирок Франция жана башка европалык шериктештер инфраструктура жана өнөр жай тармагына инвестиция тартууга аракет кылган бул Борбор Азиялык мамлекетке мындан да көбүрөөк каражаттарды инвестиция кылышкан. 
 

Немис бизнесинин өкүлдөрү болсо келишимди жактап чыгышты. Сүйлөшүүгө ортомчу катары катышкан Немис өнөр жайынын федералдык союзу кол коюлган келишимди эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык мамилелердин туу чокусу катары баалады.
«Казакстан Республикасынын компаниялары немис технологияларына абдан ынтызар, ал эми немис өндүрүүчүлөрү чийки ресурстарды казып алуу боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө умтулуп жатат», - дейт Жаратылыш ресурстары боюнча федерация комитетинин башчысы Ульрих Грилло.
  Октябрда Германия Казакстан сыяктуу эле ресурстарга, анын ичинде сейрек кездешчү металлдарга бай Монголия менен ушуга окшогон келишим түзгөн. Кытайдын металл өндүрүшүндөгү башкаруучу мамилесин жокко чыгарыш үчүн Германия сейрек кездешчү  металлдарды чалгындоо жана казып алуу тармагына билек түрө киришип жаткан кези. 
  Азыркы учурда Кытай дүйнөдөгү сейрек кездешчү металлдардын 90 пайызын казып алат жана иштетет. Ал Японияга сейрек кездешчү металлдарды эскпорттоону 2010-жылы токтоткон, ал эми былтыр анын баасын отуз эсе көтөрүп салган, бул болсо пайдалуу кен байлыктарынан көз каранды болгон дүйнөлүк өнөр жай тармагын түбүнөн козгоду. Ушул айда Малайзиядагы кайра иштетүүчү завод металлдарды иштетип чыгууга уруксат алган, бул баанын арзандашына алып келди. 
 

Меркель Казакстанга канцлер болуп кызматта тургандан бери экинчи жолу барды, ошондой эле Казакстан Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна төрага болуп турган мезгилде, 2010-жылы декабрда барып кеткен. Ошол кезде эле Казакстанды басма сөз эркиндиги жана нааразылык акцияларын өткөрүү укугу сыяктуу багыттарда уюмдун стандарттарын сактабайт деп сынга алып келишкен.
Байкоочулардын пикиринде андан бери Казакстандагы жагдай оңолмок турсун жоголгондун үстүндө. «Хьюман Райтс Вотч» уюму өткөн жылдын декабрында демонстрация учурунда атуулдарга күч колдонууга, ошондой эле саясий активисттерди камакка алууга кабатырланганын билдирип жатат.
Меркель журналисттерге Берлин Казакстандан нааразылык акциясын толук жана эркин иликтөөнү күтүп жатканын айтты. «Албетте, биз экономикалык кызыкчылыктар тууралуу айтып жаткан кезде эле адам укуктарын коргоо тууралуу маселени да көтөрөбүз жана демократиялык принциптерди кармоонун зарылдыгын эске салабыз», - деп билдирди Меркель.

Мелиса Эдди
«New York Times», 9-февраль, 2012 –жыл
Котормо –
«InoZpress.kg»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу