Тарых жана Маданият

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
14/12 16:25
 

“Манас” эпосу – кыргыз тарыхынын, тилинин, маданиятынын соолбос булагы” сынагы жыйынтыкталды

Бишкек, 14-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 2016-жылдын февраль айынан тартып, “Тарых жана маданият” жылынын алкагында Мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, “Манас” эпосун кеңири даңазалоого түрткү берүү, тил, тарых, маданият дөөлөттөрүн тереңдетип иликтөөгө шарт түзүү жана Мамлекеттик тилде изилдөө жүргүзгөн изденүүчү-аспиранттарга колдоо көрсөтүү максатында “Манас” эпосун изилдөө боюнча “Манас” эпосу – кыргыз тарыхынын, тилинин, маданиятынын соолбос булагы” аттуу сынак жарыялаган. Бул тууралуу Мамлекетти тил комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Атайын түзүлгөн калыстар тобу тарабынан сынакка келип түшкөн илимий иштердин арасынан жобого ылайык 8 автордун эмгеги мыкты деп тандалып алынды. Эмгектерди кароодо калыстар тобуна берилген илимий иштердин авторлорунун аты-жөнү жашырылып, номерлер менен белгиленип, купуя түрдө берилген. Ал эми калыстар тобунунун курамында Абдыкерим Муратов, Тынчтыкбек Чоротегин, Топчубек Тургуналиев, Аалы Молдокановдор болду.

Сынакты жыйынтыктоо жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 2016-жылдын 16-декабрында саат 11:00дө А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өтөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу