Тарых жана Маданият

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/10 11:54
 

“Бурана мунарасы” комплексинде Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө

“Бурана мунарасы” комплексинде Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө

Бишкек, 11-октябрь /Кабар/. Тарых жана маданият жылынын алкагында бүгүн “Бурана мунарасы” тарыхый-археологиялык комплексинде КР премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун, КР Президентинин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов, ЖК депутаты Садык Шер Нияз, Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамдирекциянын башчысы Султан Раев, Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун катышуусунда Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Иш-чарада Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган театралдык пролог көрсөтүлөт. Мындан тышкары,  кыргыз эстрада жылдыздарынын гала-концерти жана Чүй облусунун маданият ишмерлеринин концерти болот.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 12-майында КР Президентинин “Жусуп Баласагындын 1000-жылдыгы тууралуу” жана Тарых жана маданият жылынын алкагында Жусуп Баласагындын 1000-жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча жарлыгы чыккан.

1 из 7

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу