Тарых жана Маданият

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
11/10 17:42
 

“Бурана мунарасы” комплексинде Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгынын урматына кыргыз эстрада жылдыздарынын концерти болот

Бишкек, 11-октябрь /Кабар/. Тарых жана маданият жылынын алкагында 14-октябрда “Бурана мунарасы” комплексинде Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу Тарых жана маданият жылын уюштууруу жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынан билдирди.

Иш-чарада театралдык пролог көрсөтүлүп, кыргыз эстрада жылдыздарынын гала-концерти жана Чүй облусунун маданият ишмерлеринин концерти болот.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 12-майында КР Президентинин “Жусуп Баласагындын 1000-жылдыгы тууралуу” жана “Тарых жана маданият жылынын алкагында Жусуп Баласагындын 1000-жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча Указы чыккан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу