Тарых жана Маданият

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
04/10 17:47
 

Ош шаарында “Сулайман-Тоо – тынчтыктын жана макулдашуунун символу” аталган 3-фестиваль өтүүдө

Ош шаарында “Сулайман-Тоо – тынчтыктын жана макулдашуунун символу” аталган 3-фестиваль өтүүдө

Бишкек, 4-октябрь /Кабар/. Азыркы фестиваль КРнын Тарых жана маданият жылына арналып, анын алкагында бир катар маданий - көңүл ачуу жана ыйык “Сулайман-Тоонун” уникалдуу бириктирүүчү ролуна арналган академиялык иш-чаралар уюштурулган.

Фестивалдын максаты толеранттуулук, жалпы жарандык иденттүүлүк жана конфессиялык ар түрдүүлүк өңдүү универсалдуу баалуулуктардын катализатору болгон Ош шаарынын жана “Сулайман -Тоонун” символикалык белгилерин алып чыгуу болуп саналат.

Бүткүл дүйнөлүк маданий мурас болгон “Сулайман-Тоо” Ош шаарынын тарыхый бөлүгүндө жайгашкан.
Сулайман-Тоонун уникалдуу тарыхый жана руханий мааниси эл аралык деңгээлде таанылган: 2009-жылдын 26-июнунда ЮНЕСКОнун 33-жыйынында Испанияда “Ыйык тоо” номинациясы боюнча “Сулайман-Тоо” Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизилген.

Фестиваль ПРООНдун жана КРдагы АГА ХАН фондусунун колдоосу астында өтүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу