Тарых жана Маданият

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
24/08 13:48
 

Эгемендик күнүндөгү майрамдык иш-чаралардын программасы бекитилди

Бишкек, 24-август /Кабар/. Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция үстүбүздөгү жылы 31-августта өлкөнүн Эгемендигинин 25 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралардын тизсмесин бекитти.

Иш-чаралардын тизмеси менен төмөндөн тааныша аласыздар:

Эртең мененки блок

09:00-09:40. Параддык эсептердин колонналарынын «Ала-Тоо» аянтына жылышы жана тизилиши

09:40-09:45. Параддын кол башчысынын команда бериши. Мамлекеттик Туунун жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн байрагы алынып чыгат.

09:55. КР Президенти, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы А. Ш. Атамбаевдин келиши.

10:00. Фанфаристердин чыгышы. Фанфарлар жаңырат. Параддын башталышы.

10:03-10:11. КР КК Башкы штабынын башчысынын жана параддын кол башчысынын аскерлер менен учурашуусу, куттуктоосу.

10:11. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин куттуктоо сөзү.

10:20. Параддка катышучулардын салтанаттуу марш менен басышы, аскер техникасынын өтүшү жана авиациянын учушу.

10:40. Аскердик параддын бүтүшү.

Күндүзгү блок

10:00-15:00. Ата-Түрк паркында Бишкек шаардык райондорунун, конуштарынын майрамдык иш-чаралары.

12:00-15:00. Эски аянтта Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын жамаатынын, кыргыз эстрада жылдыздарынын, ЖОЖдордун студенттеринин концерттик программасы. Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү. Спорттук мелдештер.
Кожомкул атындагы спорт ордосунда жана Улуттук филармонияда концерттик программалар, Филармониянын жанындагы жаштар аллеясында конкурстар, викториналар өтөт.

17:00-17:30. «Улуттук кийимдер» акциясы Улуттук ат оюндары

10:00 – 11:30.       Көк бөрү боюнча КР Президентинин кубогу үчүн 3-4 - орун үчүн оюн

11:30 – 13:00.   Көк-Бөрү финалдык оюн

13:00 - 13:50.   Расмий бөлүм. Сыйлыктарды тапшыруу аземи, концерттик программа

13:50-15:30. Кунан чабыш, жорго салыш, ат чабыш

16:00. Жабылышы

Кечки блок

20:30-20:55. КР Көз карандысыздыгынын 25 жылдык мааракесине жана Тарых жана маданият жылына арналган театрлаштырылган пролог.

20:55-21:00. Алып баруучулар расмий бөлүктүн ачылышын жарыялайт. КР Гимни жаңырат.

21:00. Куттуктоо сөз

21:05. Кыргыз Республикасынын искусство чеберлеринин жана эстрада артисттеринин Концерттик программасы.

23:00. Майрамдык фейерверк


Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциясы
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу