Тарых жана Маданият

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
09/08 16:17
 

Жумушчу топ 1916-жылдагы окуяларга тарыхый баа берүү боюнча иштердин алдын ала жыйынтыгын чыгарды

Бишкек, 9-август /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда тарых илимдеринин өнүктүрүү боюнча комиссиянын жумушчу тобу улуттук-боштондук көтөрүлүш жана Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган тегерек столдун алкагында, 1916-жылдагы окуяларга илимий-негизделген баа берүү боюнча иштердин алдын ала жыйынтыгын талкуулашты.

Президенттин  аппаратынын жетекчисинин орун басары Мира Карыбаеванын айтымында, бул иш Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин «1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын 100 жылдыгы жөнүндө» жарлыгына ылайык  башталган.
Анда 1916-жылдагы окуяларга далилдүү, объективдүү жана тарыхый баа берүү үчүн тарыхчылардан жана коомдук илимпоздордон турган жумушчу топ түзүү тапшырылган. Жумушчу топ 2015-жылдын ноябрында тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын чечими менен түзүлгөн.

«Бүгүнкү күндө комиссиянын жумушчу тобу бизге алардын кылган иши тууралуу алдын ала маалымат берип отурат. Алардын изилдөө иштери көбүнчө архивдик документтерге негизделген. Менимче илимий чөйрөдөгү бардык натыйжалар биздин өлкөнүн өнүгүшүнө алып келет деп ишенем”,- деп билдирди ал.
Тегерек стол Кыргызстастан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын «Мурас» фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине (AGUPKR) караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын колдоосу менен уюштурулду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу