Тарых жана Маданият

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
04/08 15:33
 

Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» комплексиндеги Үркүндө курман болгондордун эстелик Мемориалынын курулушунун жүрүшү менен таанышты

 Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» комплексиндеги Үркүндө курман болгондордун эстелик Мемориалынын курулушунун жүрүшү менен таанышты

Бишкек, 4-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-августта «Ата-Бейит» комплексиндеги 1916-жылкы кайгылуу окуялардын (Үркүн) жүрүшүндө курман болгондорго арналган эстелик Мемориалдын, тарыхый-маданий обьектинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жумушчу сапарды Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева, Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров, финансы министри Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов, Маданият маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергеновдор коштоп жүрдү.

Премьер-министр эскерткендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 1916-жылкы кайгылуу окуялардын (Үркүн) жүрүшүндө курман болгондордун эстелик Мемориалын тургузуу тууралуу Жарлыгына ылайык, Өкмөткө аталган обьектинин долбоорун даярдоо жана куруу милдети тагылган. «1916-жылкы улуттук-боштондук кыймылынын 100 жылдыгына карата иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алуу менен бардик тийиштүү иштерди жогорку деңгээлде өткөрүү зарыл», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы пландаштырылган курулуш иштери менен катар мемориалга жакын жайгашкан аянтты жана бордюрларды жаңыртууну жана иретке келтирүүнү тапшырды.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов маалымдагандай, ишти үч курулуш бригадасы графиктен калышпай аткарууда. Ошондой эле курулушту каржылоо боюнча көйгөй жок. «Биздин алдыбызда аталган мемориалдын курулушун белгиленген мөөнөтө – үстүбүздөгү жылдын 25-августунда бүткөрүү милдети турат», – деди агенттиктин директору.

Белгилесек, Тарых жана маданият жылынын алкагында 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы, 1916-жылкы улуттук-боштондук кыймылынын 100 жылдыгы, улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленмекчи.

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу