Тарых жана Маданият

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
02/08 17:08
 

Кыргыз артисттери Түштүк Кореяда концерт коюшту

Кыргыз артисттери Түштүк Кореяда концерт коюшту

Бишкек, 2-август /Кабар/. Кыргыз артисттери түштүк-Кореяда концерт коюшканын КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 30-июлда Кореянын Сувон шаарынын мэриясынын имаратында төкмө акын Азамат Болгонбаев менен эстрада ырчысы Сыймык Бейшекеев концерт коюшту.

Иш-чара Кыргызстанда белгиленип жаткан “Тарых жана маданият жылына” арналды. Кореяга сапар “Евразия диалогу” коомдук фонду тарабынан каржыланды. Ошондой эле, концерт Кореядагы кыргызстандыктардын диаспорасынын, Кореядагы КР элчилигинин, Сувон мэриясынын көмөгү астында өттү. Концерттин алдында Корея Республикасындагы КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси А.Бешимов менен Сувон шаарынын мэри Ём Тэ Ёнг куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Майрамдык концерттин алкагында тынчтыкка, биримдикке үндөгөн видеоролик көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу