Тарых жана Маданият

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
30/07 12:07
 

Премьер-министр: “Тайлак Баатыр кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн чыңдалышына зор салым кошкон белгилүү ишмер”

Бишкек, 30-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июлда Тайлак Баатырдын 220 жылдыгына арналган салтанатуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Иш-чара Нарын облусундагы Соң-Көлдүн жээгинде өтүүдө.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Тайлак Баатырдын 220 жылдыгына карата куттуктоосун окуду.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков куттуктоо сөзүндө белгилегендей, Тайлак Баатыр кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн чыңдалышына зор салым кошкон белгилүү ишмер болуп саналат.

«Бүгүн биз – кылымдар бою азаттыкты туу туткан уюткулуу журтубуздагы эркиндик үчүн кара башын канжыгага байлап коюп, ажалга тике карап күрөшкөн баатырларды даңктай турган салтанатка чогулуп отурабыз. Теңир тоолордун этегинде, айтылуу Нарын жергесинде, кереметтүү Соң-Көл жээгинде кыргыз элинин чыгаан инсандардын бири – Жанболот баатырдын урпагы, Рыскул бийдин уулу Тайлак баатырдын 220 жылдык мааракесин өткөрүп жатабыз.

Ал замандан бул заманга чейин Кытай менен бүтүндөй Түркстанды дүңгүрөткөн, адамдын сырттаны Тайлактын баатырдык сүрү коңшу өлкөлөргө чейин кеңири тарап, Кытай менен Кокондун жазмаларында сакталып, орус менен казактарга даңаза болуп жайылган. Миң жылдарды карыткан кыргыз тарыхындагы элдин эл болуп сакталып калып, бүгүнкүдөй эгемендүү өлкөгө жетүүсү үчүн – агасы Атантай менен үзөңгүлөш жүргөн Тайлак баатырдын орду өзгөчө экендигин баса белгилеп кетүү зарыл. Эл арасында күнү бүгүнкүгө дейре Тайлак баатырдын эл кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан жогору коюп өткөндүгү аңыз болуп айтылып келет», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Тайлак баатырдын 220 жылдыгын белгилөө алкагында республика боюнча анын ишмердүүлүгүн даңктоо, атын тарыхта калтыруу боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө Тайлак баатырдын күмбөзү толугу менен реконструкцияланган.
«Тайлак баатыр сыяктуу чыныгы атуулдарды даңазалап, анын жасаган эрдигин тарых барактарында калтыруу – өсүп келе жаткан муунду мекенди сүйүүгө, акыйкаттыкка, ынтымакка, абийирдүүлүккө, көз карандысыздыкты бекемдөөгө шыктандырат деп ишенемин», - деп жыйынтыктады сөзүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Белгилесек, жакын арада Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жайгашкан Тайлак баатырдын мавзолейи реконструкцияланган жана анын тегерек-чети көрктөндүрүлгөн.
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Бишкек шаарында Тайлак баатырдын 220 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференциянын өткөрүлүшү пландаштырылууда.

Эскертсек, 2016-жылы Тарых жана маданият жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы жана жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленет. Мындан тышкары, өзгөчө көңүл 1916-жылкы улуттук-боштондук кыймылынын 100 жылдыгына арналган иш-чарага бурулмакчы.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу