29.07.2016, 10:48

Тайлак-Баатырдын 220 жылдыгына арналган иш-чаралар Соң-Көлдүн боюнда өтөт

 Тайлак-Баатырдын 220 жылдыгына арналган иш-чаралар Соң-Көлдүн боюнда өтөт

Бишкек, 29-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен жарыяланган Тарых жана маданият жылынын алкагында, эртең, 30-июлда Нарын облусундагы Соң-Көл жээгинде Тайлак-Баатырдын 220 жылдыгына арналган иш-чаралар өтөт.

Тайлак-Баатырдын 220 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чаралардын расмий ачылышына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековдун, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Тайлак-Баатырдын 220 жылдыгын белгилөөнүн алкагында театралдаштырылган оюн-зоок, республикалык фольклордук-этнографиялык топтордун жана эстрада жылдыздарынын гала-концерти пландаштырылган. Ошондой эле, улуттук ат-спорт оюндарын камтыган маданий программа тартууланат.

Белгилей кетсек, жакын арада Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жайгашкан Тайлак баатырдын мавзолейи реконструкцияланган жана анын тегерек-чети көрктөндүрүлгөн.

Эскертсек, 2016-жылы Тарых жана маданият жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы жана жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленет. Мындан тышкары, өзгөчө көңүл 1916-жылкы улуттук-боштондук кыймылынын 100 жылдыгына арналган иш-чарага бурулмакчы.