Тарых жана Маданият

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
26/07 18:30
 

Илимий кызматкерлер Кыргызстандын тарыхый жерлерине барышты

Илимий кызматкерлер Кыргызстандын тарыхый жерлерине барышты

Бишкек, 26-июль /Кабар/. Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун илимий кызматкерлери Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан Х - ХV кылымдарга таандык кербен сарай – Таш-Рабат, Манастын легендарлуу жан-жөкөрү Кошойдун кенчи катылган байыркы ордо-шаар Кошой-Коргон, ошондой эле Тайлак Баатырдын эстелигине барышып кеңири маалымат алышты жана ал жактан кытайлык Кызыл-Суу кыргыздары менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Аталган илимий-практикалык экспедиция Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиевдин жетекчилиги менен уюштурулган. Окумуштуулар экспедициянын алкагында улуттук-боштондук кыймылына арналган эстеликке кайрылып, 100 жыл мурунку кайгылуу окуяда курман болгон ата-бабалардын арбактарына таазим кылышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентти А.Атамбаевдин жарлыгы менен быйыл “Тарых жана маданият жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу өткөрүлдү.

1 из 3

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу