Тарых жана Маданият

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
21/07 16:48
 

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенция өкүлдөрүнүн XI форуму өтөт

 Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенция өкүлдөрүнүн XI форуму өтөт

Бишкек, 21-июль /Кабар/. «КМШнын 25 жылдыгы. Гуманитардык кызматташуунун перспективалары» - аталыштагы КМШга мүчө мамлекеттеринин чыгармачыл жана илимий интеллигенция өкүлдөрүнүн XI форуму октябрдын акыркы декадасында Бишкек шаарында өткөрүлөт. Мындай маалыматты Тарых жана маданият жылына даярдыктар боюнча дирекциядан билдирди.

Бул боюнча Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын башчысы Султан Раевдин жетекчилигинде уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү.

Жыйында КМШга мүчө мамлекеттердин чыгармачыл жана илимий интеллигенция өкүлдөрүнүн XI форумун өткөрүү боюнча иш-чаралардын планынын долбоору, концепциясы жана программасы жактырылды. Аталган форумду өткөрүүнү КРмаданият, маалымат жана туризм министирлиги координациялайт.

Чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын КМШ мамлекеттеринде өтүп келе жаткан форуму 2006-жылдан бери эң масштабдуу гуманитардык иш-чаралардан болуп калды. Форум мамлекеттер аралык Кеңештин жана КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык кызматташуу Фондусунун колдоосунда КМШ мамлекеттеринин борборунда салттуу түрдө жылына өткөрүлүүдө.

Белгилүү илимий жана чыгармачылык ишмерлеринин диалогунун борборуна айланган бул форум 2016-жылы борборубуз Бишкек шаарында октябрь айынын үчүнчү декадасында өтөт.

Эсиңиздерге салсак, аталган форум Москва, Астана, Душанбе жана Кишинев шаарларында өткөрүлгөн.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу