Шайлоо

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/12 15:38
 

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду шайлоочулардын 42%ы колдошту- БШК башчысы

Бишкек, 12-декабрь /Кабар/. Алдын-ала маалыматтарга караганда, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду шайлоочулардын 42%ы колдошту. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

“Бүгүн жарандардын референдумга добуш берүүсүнүн жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого катышуусунун жыйынтыгы боюнча маалымат алынды. Республика боюнча автоматтык эсептөөчү урналардан 98 % маалыматтар алынды. 42 участкадан жыйынтык боло элек, ал 1,8%ды түзөт. Мындан тышкары, добуштардын 65%ы кол менен саналды”,-деди ал.

Алдан ала маалыматтарга караганда, эсептөөлөр төмөнкүдөй:
Шайлоочулардын жалпы саны - 2 млн 851 миң адам, референдумга катышуучулардын саны - 1 млн 200 миң 438 адам же 42,09%. Референдумга катышкан жарандардын 950 миң 440ы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө “макул” деп добуш беришкен, 184 миң 816 адам же 15,6%ы каршы болушкан.

Ошондой эле, ал 60 миң 182 бюллетен жараксыз болгонун кошумчалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу