Шайлоо

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/12 10:52
 

Референдум таза өттү, эл эркин добуш берди – саясат таануучу

Бишкек, 12-декабрь /Кабар/. Референдумга келгендердин саны 38%ды түзгөндүгү Кыргызстанда бүткүл элдик добуш берүү акыйкат өткөндүгүнөн кабар берет. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине саясат таануучу Айнура Арзыматова билдирди.

Белгилей кетсек, БШКнын алдын-ала маалыматына караганда, референдумга добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 38,8%ы келди. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумду шайлоочулардын 79%ы колдоду.

А.Арзыматованын айтымында, мындай жыйынтык референдум эркин өткөндүгүнөн, административдик күч колдонуу болбогондугунан кабар берет.
“Бийлик кийлигишсе, мисалы, шайлоочулар 70% келди, деген сан чыгып калмак. Ал эми биз көрүп турган чыныгы сан. Конституцияга өзгөртүүлөрдү эл чындыгында колдоду. Анткени, үгүт иштери жакшы жүрдү. Кандай өзгөртүүлөр, эмне үчүн киргизилип жаткандыгы элге так түшүндүрүлдү”,-деди ал.

Мындан тышкары, саясат таануучу жергиликтүү кеңештерге шайлоолор жана референдум тынч жана уюшкандыкта өткөнүн белгиледи.
“Андай деле олуттуу көйгөйлөр болгон жок. Ырас, айрым манжанын тагы таанылбай же тизмеден өзүн таппай калган жагдайлар болду, техника бузулуп калышы мүмкүн да”,-деп кошумчалады Айнура Арзыматова.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу