12.12.2016, 10:01

БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы боюнча алдын -ала маалымат таратты. Бишкек шаардык кеңешине 5 партия өттү

Бишкек, 12-декабрь /Кабар/. КР БШКсынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендер 99% каралып чыккан соң жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы боюнча алдын-ала маалымат таратты.

Белгилей кетсек, кечээ жекшембиде республиканын 22 шаарында жана 389 айыл аймагында жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болду. Бишкек шаардык кеңешине 45 мандатка 14 партия ат салышты.

Н.Шайлдабекованын айтымында, жергиликтүүү кеңешке шайлоолор боюнча алдын-ала маалыматтарга караганда КСДП 24,97% добуш менен алдыды баратат. Андан кийин “Республика — Ата-Журт" — 23,87%, "Өнүгүү — Прогресс" — 15,20%, "Мекеним Кыргызстан" — 13,03%, "Кыргызстан" —9,34%.

Кийинки партиялар 500дөн 1 миң 500гӨ чейин гана добуш алышты. Алар: "Улуу Кыргызстан", "Жаңы-Доор" "Демократ", "Кыргызстан коммунисттер партиясы", "Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы", "Аалам", "Таза-Кыргызстан", "Кыргызстандын жашылдар партиясы”, "Актив".

3 миң 452 жаран каршы добуш берди. 5 миң 223 бюллетень жарактуу деп табылды.