Шайлоо

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
11/12 17:26
 

БШК: Шайлоочулар кыргыз же орус тилдериндеги бюллетендерди сурап алышса болот

Бишкек, 11-декабрь /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого 2 тилдеги – кыргыз жана орус тилдериндеги бюллетендер даярдалганын түшүндүрдү.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун “Кабар” агенттигине билдиргениндей, бюллетендер аймактык шайлоо комиссиясынын орус тилинде канча жана кыргыз тилинде канча бюллетень керектиги тууралуу арызына ылайык даярдалган.

“Бардыгы тигил же бул аймакта канча улут жашай турганынан көз каранды болду. Белгилей кетсем, кыргыз тилинде 2 млн го жакын, орус тилинде 800 миңге жакын бюллетень жасалган. Мамлекеттик тилдеги бюллетендер аймактарга берилген, ал эми шаарларда сөзсүз түрдө 2 тилдеги кагаздар бар. Эгер шайлоочуга кыргыз тилиндеги бюллетен берилсе, бирок кыргызча түшүнбөсө, анда ал аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө кайрылып, аны алмаштырып берүүсүн суранса болот”,-деп түшүндүрдү ал.

“Кыргызстанда эч ким жаранды добуш берүүгө мажбурлай албайт. Аталган билдирүүгө байланыштуу маалымат боюнча өзүм көзөмөлгө алам. Бирок, азырынча БШКга дагы, АШКдагы оозеки түрүндө аталган факты боюнча арыз түшкөн эмес”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу