Шайлоо

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
11/12 13:27
 

Өкмөт: Республикалык штаб тарабынан шайлоо процессиндеги мүчүлүштүктөргө жол бербөө иретинде ыкчам чаралар кабыл алынууда

Өкмөт: Республикалык штаб тарабынан шайлоо процессиндеги мүчүлүштүктөргө жол бербөө иретинде ыкчам чаралар кабыл алынууда

Бишкек, 11-декабрь /Кабар/. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб тарабынан шайлоо процессиндеги мүчүлүштүктөргө жол бербөө иретинде ыкчам чаралар кабыл алынууда. Бизге өлкөдөгү бардык шайлоо участкаларынан ыкчам маалыматтар келүүдө, алардын жыйынтыгы боюнча тийиштүү чаралар кабыл алынууда», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 11-декабрда, Өкмөт үйүндө өткөн басыма сөз жыйынында.

Басма сөз жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиевдер шайлоочуларды идентификациялоо боюнча техникалык жабдуулардын иши, коомдук тартипти камсыздоо боюнча кабыл алынган чаралар, шайлоо участокторун электр энергиясы, жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо тууралуу маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу