ММК KG тууралу

Сентябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
09/01 15:04
 

Мэрия: үй-жайсыз калгандарга бекер нан таратыла баштады

9-январь. Күнүнө алты миң бөлкө чыгарып жаткан наабайкана былтыр 7-майда ачылган.
Бишкек шаарынын муниципалдык наабайканасы үй-жайсыз калган адамдарга бекер нан тарата баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда аталган наабайкана Октябрь районунда жайгашкан үй-жайсыз калган адамдар баш пааналаган жайга ай сайын 300 бөлкө нан берип турат. Мэрия келечекте пенсионерлерди арзан нан менен камсыздоо пландалып жатканын белгиледи.

Күнүнө алты миң бөлкө чыгарып жаткан наабайкана былтыр 7-майда ачылган. 300, 400 жана 500 граммдык нандан 9-11 сомдун тегерегинде сатылат. Наабайкана шаардагы 18 павильон менен иштешет.

Булак: Спутник Кыргызстан

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу