ММК KG тууралу

Ноябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30      
06/01 16:01
 

Казакстан өз аймагынан кыргыз товарларын автоунаа менен ташууга тыюу саларын эскертти

6-январь. Ушул жылдын башынан тарта Казакстан Кыргызстандан чыккан товарларды автоунаа менен ташууга тыюу салды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Калысбек Жумаканов "Азаттыкка" билдирди.
Анын ырасташынча, расмий органдар 3-январда Казакстандын айыл чарба министринин орун басарынан кат алышкан.

Анда быйылтан тарта Казакстандын аймагы аркылуу өткөн ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүүгө милдеттүү товарлар темир жол аркылуу гана ташылышы керектиги айтылган.

Мындай чечимди коңшу өлкө Бажы биримдигинин 2010-жылдагы чечими менен түшүндүргөн.
Жумаканов учурда мындай талап дипломатиялык каналдар аркылуу такталып жатканын билдирди.

- Мындай чара Евразия экономикалык биримдигине кирип жаткандагы макулдашууга каршы келет. Учурда эмне себептен мыдай кат жиберилгенин тактап жатабыз. Бирок учурда чек арадан өтүүдө тоскоолдук жок, - деди Калысбек Жумаканов.
Кыргызстандан 15 компанияга Евразия экономикалык биримдигинин аймагына товар сатууга уруксат берилген. Бул компаниялар Казакстандын аймагы аркылуу Орусияга товарларын сатышат.(BkA)

Булак: “Азаттык”

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу