ММК KG тууралу

Сентябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
06/01 14:59
 

Олимпиадалык спорт түрлөрү дирекциясынын отчету кабыл алынган жок

6-январь. Мындай чечим Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясында кабыл алынды. Анда агенттик жетекчилиги дирекциянын отчету канааттандырбай турганын айтып, буга байланыштуу кайра даярданып келүүнү тапшырды. Анда дирекциянын жыл ичинде аткарган иштери жана Рио-де-Жанейро Олимпиадасынын жыйынтыгы боюнча маалыматы угулмак.

Былтыр спорттун олимпиадалык түрлөрүнө 116 миллион сом бөлүнгөн. Анын ичнинен 70 миллион сомго жакын каражат спортчулардын Олимп оюндарына даярдыгына жана катышуусуна каралган. (ECh)

Булак: «Азаттык»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу