ММК KG тууралу

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
06/01 14:55
 

Кыргыз жараны Акжол Калбаев Тажикстанда кыйноого кабылды

6-январь. Кыргыз жараны Акжол Калбаевди Тажикстанда кыйноого алгандар кармалышты. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргыз жараны Калбаевди ишкердик боюнча өнөктөшү, “Таджирон” деген компаниянын ээси Набижон Набиев жана анын баласы Хаким Набиев алдоо жолу менен Кожент шаарына чакырган. Эч нерседен кабары жок Калбаев Кожентке барган учурда аны катуу токмоктошуп, кыйнап, жакындарынан 23 миң доллар талап кылышкан.

Бул маалымат белгилүү болгон соң тажик коопсуздук органдарынын көмөгү менен кыйноодогу кыргыз жараны 29-декабрда бошотулуп, 30-декабрда Тажикстандан чыгып кеткен. Аны катуу кыйнап коюшкандыктан сүйлөй албай калган. Учурда ал Оштогу ооруканада дарыланууда.
Ал эми Калбаевди сабап, ага кыйноо көрсөткөн ата-бала Набиевдер камакка алынышты. Кылмыш иши боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Булак: «Супер-Инфо»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу