ММК KG тууралу

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
04/01 12:33
 

Кыргызстандыктар чочко этинен баш тартууда

4-январь. Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык чочко этин Чүй облусу менен Бишкектин тургундары гана жейт.

Кыргызстанда жыл сайын чочконун этин жегендердин саны азайып бара жатканы Улуттук статистикалык комитетинин маалыматында айтылат.

2013-жылдан бери бул этти колдонуу киши башына айына 100 граммды түзөт. Бул көрсөткүч бир нече жыл кармалып турган. Статистикалык маалыматка ылайык, чочко этинен өлкө аймагынын бардык тургундары баш тарткан. Ушу тапта болгону Чүй облусу менен Бишкек шаарынын гана тургундары чочко этин жейт.

Ал ортодо чочконун саны да акыркы он жылда 37 пайызга — 79,6 миңден 50 миңге чейин кыскарган. Мисалы Жалал-Абадда чочконун саны 17 эсе азайган. Учурда ал жакта болгону 80 баш гана чочко калган. Эң азы Ош облусунда — 16 баш. Ал эми эң алдыда Чүй облусу турат. Бул жакта 45 миң баш чочко багылат.

Булак: Спутник Кырызстан

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу