30.12.2016, 15:29

Казакстанда Алматы-Чолпон-Ата шаарын байланыштыруучу асма жол долбоору көрсөтүлдү

 Казакстанда Алматы-Чолпон-Ата шаарын байланыштыруучу асма жол долбоору көрсөтүлдү

30-декабрь. Казакстандын Алматы шаарында архитекторлордун эмгектери көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Алматы шаары менен Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарын байланыштыруучу асма жол долбоору көрсөтүлдү. Аталган долбоор Күнгөй Ала-Тоо тоо кыркаларынын түндүк капталдары аркылуу өтүп, Ысык-Көлгө чейин жетет.

Архитекторлордун планы ишке ашса, жайкы жана кышкы сезондон сырткары аталган жол менен күнүмдүк тейлөө иштери да жүргүзүлүшү мүмкүн. Ошондой эле долбоор ишке ашкан күнү Алматы-Ысык-Көл жол каттамына кеткен убакыт 2,5 сааттан 3 саатка чейин кыскарат. Курулуш иштерине болжолдуу 1 миллиард АКШ доллары жумшалмакчы. Долбоор 2008-жылы архитекторлор тарабынан иштелип чыккан.

Статистикалык маалыматка ылайык, 2008-жылдан бери Алматы шаарынан Ысык-Көлгө 850 миңге жакын адам эс алууга келген.

Булак: “Супер-Инфо”