ММК KG тууралу

Июнь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
29/12 17:05
 

2016-жылы өлкөбүздүн тышкы саясатында алгылыктуу алдыга жылуулар коштоду

29-декабрь. Ар бир мамлекеттин өнүгүүсү — анын башка өлкөлөр менен мамиле кыла билүүсү менен тыгыз байланыштуу.Канчалык көбүрөөк жылуу мамилелер, кызматташуулар болсо, ошончолук көбүрөөк жаңы ийгиликтер коштоп тураары бышык эмеспи?

Анын сыңары өтүп бараткан 2016-жыл дагы Кыргызстандын тышкы саясаты үчүн жемиштүү жылдардан болду. Бул жылы тышкы байланышта солгундап кеткен мамилелердин жандануулары орун алды.

Алсак, коңшулаш Өзбекстан менен узак жылдардан берики салкындап кеткен мамиле жылуусуна тартып, достук жана кызматташтык мамилелер кадимкидей жанданды. Акыркы 2-3 айда мындай жагдай кадимкидей байкалууда. Кече жакында эле президент Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Өзбекстандын Самарканд шаарына барып келди. Коңшулаш өлкөнүн жаңыдан шайланган президенти Шавкат Мирзиеев менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым-катышты жакшыртуу багытында бир топ маселелер талкууланганы маалым болду. КР Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун айтымында бул сапар өтө жогорку деңгээлде өттү. Шавкат Мирзиеев бардык протоколдук иш-чаралардын алкагынан чыгып президент Алмазбек Атамбаевди өзү жеке аэропортко чейин узатып барганы эле Кыргызстан-Өзбекстан мамилелеринин жаңы барагы ачылганын күбөлөп турат. Эми бул иш сапардын жыйынтыгы менен эки өлкө ортосундагы талаш-тартыш жаратып келген чек ара маселелерин чечүүдө бир топ алдыга жылуулар болору күтүлүүдө.

2016-жылы эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель өлкөбүзгө иш сапары менен келип кетти. Бул дагы биздин өлкөнүн тышкы саясатындагы алгылыктуу жемиштердин бири болуп саналат. Демек, биздин мамлекетти өнүккөн Европа өлкөлөрү да кадырлап, барктай баштаганынын белгиси.

Жакында эле мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Индия өлкөсүнө да иш сапары менен барып келди. Иш сапардын алкагында бир катар соода-экономикалык, маданий багытта маселелер боюнча пикир алмашуулар болду. Калкынын саны 1 миллиард 300 млнду чапчыган мындай ири өлкө менен соода-экономикалык багытта кызматташууну күчтөнтсөк, анда өлкөбүздүн экономикасында айтаарлык жылыштар болорунан күмөн жок.

Булардан сырткары Кыргызстан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен мамилелерди улантуу жана күчтөнтүү багытында иш-аракеттерди жасап атат. Стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Россия менен да мамилебиз улам бекемделип барат. Андыктан 2016-жыл – өлкөбүздүн тышкы саясатында ийгиликтер коштогон жыл болду деп ишенимдүү айта алабыз.

Булак: focus.kg

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу