29.12.2016, 15:21

Данияр Нарымбаев сот залынан бошотулду

29-декабрь. Бүгүн, 29-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда президенттик аппараттын экс-жетекчиси Данияр Нарымбаевдин шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу иши каралды.

Анда УКМКнын Тергөө абагынынын башчысынын орун басары Болот Шабданбеков Д.Нарымбаевди бошотуу тууралуу өтүнүч келтирди.
Андан соң сотто төрагалык кылган судья Эмил Кайыпов кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, УКМК өкүлүнүн өтүнүчүн канааттандырды.
Ошентип Данияр Нарымбаев сот чечими менен залдан бошотулду.
Ишти кароодо мамлекеттик айыптоочу катары Нургазы Токтосунов катышты.

Эске салсак, Биринчи май райондук сотунун судьясы Абдуразак Боромбаев 2015 -жылдын 27-ноябрында президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевди мүлкүн конфискациялоо менен 3 жылга күчөтүлгөн тартипте жаза өтөөгө кескен.
Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутат Хаджимурат Коркмазов мүлкүн конфискациялоо менен бир жарым жылга күчөтүлгөн тартипте жаза өтөөгө соттолгон.

Сот экөөнү тең КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык, шылуундук боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Д.Нарымбаев менен Х.Коркмазов Бишкектин экс-мэри Нарыман Түлеевдин кызы Назгүлдөн пара алганы үчүн айыпталган.

Булак: Марал FM