ММК KG тууралу

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
29/12 12:44
 

Анталияда комада жаткан кыздын кыргызстандык экени аныкталды

29-декабрь. Бул тууралу “Азаттыкка” Анталиядагы кыргызстандыктар кабарлашты. Ооруканага оор абалда түшкөн кыз Токтогулдан экени белгилүү болгон. 21 жаштагы кызды ата-энеси жана Орусиядагы эжеси сүрөттөн таанышкан. Ал кыз алгач Орусияда иштеп жүрүп, кийин Түркияга кеткен. Учурда ата-энеси Түркияга учуп кетүүгө даярдыгын билдирген. Түрк полиция кызматы окуя боюнча тергөө жүргүзүүдө.

Эки күн мурун кыргызга түспөлдөш кыз оор абалда Анталия шаардык ооруканасына түшкөн. Эс-учу жок жаткан кызды Анталиядагы тоолуу аймактан табышкан. Аны ур-токмокко алып, машинадан ыргытып жиберишкен деген божомол бар. Бирок жанында эч бир документи жоктугунан тек-жайы аныкталбай жаткан.(EIB)

Булак: «Азаттык»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу