27.12.2016, 13:17

Чынара Эсенгул: Президенттин Өзбекстанга сапары эки чоң маселеде жемиштүү болду

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Евразиялык экономикалык кеӊештин жыйынына жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кеӊешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Санкт-Петербургга барды.
Мамлекет башчы буга чейин Индияга расмий сапар менен, андан соң Өзбекстанга жумушчу сапары менен барып келди. Ошондой эле жаңырган жылдын биринчи айында Кытайга да барууну пландаштырып жатканы айтылууда.

Би-Би-Си президенттин тышкы саясаттагы, асыресе коңшу өлкөлөр, биринчи кезекте Өзбекстан менен мамилени жандантуу аракеттеринин акыбети кандай кайтышы мүмкүн деген суроо менен менен регионалдык маселелер боюнча эксперт Чынара Эсенгулга кайрылды.

Чынара Эсенгул: Президент бул сапарларында өзүнүн беш жылдык мөөнөтү кандай жыйынтыктарды алып келди деп да ойлошу мүмкүн. Негизи расмий визиттер оңой менен ишке ашып кетпейт.
Жакында эле Өзбекстанга болгон сапары эки чоң маселеде жемиштүү болду деп белгилесем болот. Биринчиси, тээ Акаев заманынан бери эле келе жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Анткени бул боюнча ар кандай схемалар даярдалган. Эгер темир жол Акаев же Бакиев учурунда даярдалган схемалар менен ишке ашса Кыргызстан ойдогудай пайда албай калмак.
Азыр Кыргызстандын вариантын да эске алуу менен үч тарапуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошол эле учурда бул маселеде эки тараптуу да сүйлөшүүлөр да жүрүшү керек.

Саясий учур деген түшүнүк бар, Өзбекстан тарап менен проблемаларды чечүү үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Бирок маселелер өтө терең. Абдан эле көп убакыт өтүп кеткендиктен күтө берип кытай тарап үмүтүн деле үзүп койсо керек. Эми кытайга барганда ушул ишке чекит коюш керек деп ойлойм.
Экинчиси, бул чек ара маселеси. Тажикстан менен Өзбекстандын тышкы саясатын эске алганда алар көп жакшы ойлонбой эле инвестицияга кызыгып, кытайга аябай жакындап кетишкен. Кыргызстан конструктивдүү болгусу келди. Бирок ошол эле учурда өз коопсуздугун да ойлошу керек.
Орусия азыр жакшы өнөктөш болуп жаткандыктан мамлекет башчысы кош стандарттуу болбой баарын ачык эле айтып, тышкы саясат жүргүзүп келе жатат.

Би-Би-Си: Индия менен узак убакытка созулган тыныгуудан кийин Атамбаев кайрадан мамилени жанданткандай сезим калтырып жатат дешет. Бул өңүттөн алып караганда эмне болушу мүмкүн?

Чынара Эсенгул: Бул президент тышкы саясатта бир эмес көп векторду саясат жүргүзүп жатканынын көрүнүшү. Индия демографилык да демократиялык да жактан өсүш менен келе жаткан өлкө. Калкынын саны көп экенине карабай алардын башкаруу системасы абдан ачык-айкын. Бул балким өздөрүнүн маданиятына негизделгендир.
Индия биз үчүн абдан чоң мааниге ээ. Себеби Индия батыш өлкөлөрүнүн эң негизги өнөктөштөрүнүн бири. CASA-1000 долбоору англис тилинен Борбордук Азия - Түштүк Азия деп чечмеленет. Бул Индия, Пакистан, Афганистанга электр энергиясын сатууга багытталган чоң иш. Бул долбоордун артында батыш өлкөлөрү турат. Бирок батыш өлкөлөрү турат десе эле бул пайдасыз деп ойлоо туура эмес.
Индия же Пакистандын жетекчилери менен биздин жетекчилердин жолугушууларында CASA-1000 долбоору такай сөз болот. Ушул долбоор ишке ашышы үчүн коопсуздук жана позицияларды макулдашуу жагынан жогорудагыдай визиттер абдан маанилүү.
Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча Индиянын макулдугу да керек болчу. Менин болжолумда бул маселе чечилген окшойт. Кытай менен Индиянын мамилелери да абдан кызыктуу. Дүйнөлүк чоң экономика катары алар экономикалык жактан абдан чиеленишип калышкан. Бирок ошол эле учурда экономикалык атаандаштыктары да күчтүү.

Би-Би-Си: Президенттин Кытайга сапары күтүлүп жатат. Өзбекстанга сапар жаңы эле аяктады. Казакстанга буга чейин барып келген, эми Тажикстан менен кандай болушу мүмкүн?

Чынара Эсенгул: Баткен облусубуз чектеш болгондуктан бир канча жагымсыз окуялар болуп өттү. Бирок чыныгы саясий эрк бар экенин көрүп атабыз. Эң негизгиси суу жана чек ара маселелери болуп жатат.

Кыргызстан менен Тажикстан Борбор Азиянын транс чек аралык суу ресурстарын башкаруу боюнча бир позицияда турушу мүмкүн. Бул багытта биргелешип стратегия иштеп чыкса болот. 1-декабрдагы маалымат жыйынында президент да Камбар-Ата сыяктуу ири долбоорлорду курууда Казакстан менен Өзбекстанды күтөбүз деп айтты.
Ошондон улам Кыргызстан үлгү болуп биринчиден Борбор Азиянын деңгээлинде Борбор Азия мамлекеттери гана катышкан долбоорду ишке ашырса деген абдан чоң үмүт менен күтүп жатам. Бул абдан сонун иш болмок.
Борбордук Азия бул саясий жактан алганда регион болуп таанылбайт, алар тек гана геосаясаттагы чоң мамлекеттердин куралы деп такай эле айтып келишет. Бирок Камбар-Ата сыяктуу ири долбоорлорду президент айткандай чогуу куруп, чогуу пайдасын көрсө бул зор иш болмок. Тажикстан да Рогун деген чоң ГЭСин куруп жатат. Андыктан бизди бириктирген ушундай чоң ресурс турганда аны туура пайдалануу керек. Келечекте суу маселеси дүйнөнүн көп эле өлкөлөрүндө башкы маселе болчудай болуп турат. Бул жерде абдан келчектүү ойлор жатат.
Келе жаткан жылы президенттин мөөнөтү аягына чыгып, башка президент келген күндө да ушундай чоң долбоорлорду башка чоң мамлекеттерди кийлигиштирбей эле чечкендей болсо деген тилегимди айткым келет. Ошондуктан Тажикстан биз үчүн өтө маанилүү өнөктөш.

Би-Би-Си: Президенттин байма-бай иш сапарларын жакшы деп баалгандар жана ошол эле учурда жакшы алакага доо кетирип койду деп Түркияны мисал келтиргендер да бар. Түркия менен мындан ары кандай мамиле болушу мүмкүн?

Чынара Эсенгул: Тышкы саясатта кээде солгундай түшүп, кайым айтыша кетүү бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Түркиянын Тышкы иштер министри Гюлен мектептерин жапкыла дегенде биздин да жооп болду. Ушундай нерселер мамилелерде да боло берет. Бирок жалысынан алганда биздин мамилелер абдан туруктуу деп айта алам. Орусия менен Түркиянын алакасынан да биздин мамилелер көз каранды экендигин биз ачык эле айтышыбыз керек. Ага карабай биз көз карандысыз мамлекет катары саясатты жүргүзүп жатабыз.
Президентибиз да абдан ачык-айрым адам экен, кайсы бир маалымат жыйынында Орусиянын СУ-24 учагын Түркия туура эмес атып түшүргөндүгүн түз эле айтпадыбы. Ошол учурда мамилелер бузулгандай болду. Бирок ал чындык экенин кийин Түркия өзү деле билдирди. Жалпылап алганда азыр Эрдоган жана анын командасы абдан эмоционалдуу саясат жүргүзүп жатканын эксперттердин көбү айтып жатышат.

Булак: Би-Би-Си