ММК KG тууралу

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
27/12 11:22
 

Кыргыз волейболчулары Азия аймактык чемпиондугунун финалында ойнойт

27-декабрь. Команда ушул күндөрү Бангладеште өтүп жаткан Азиянын аймактык чемпиондугунун финалдык таймашына чыкты. Волейбол боюнча федерациянын маалымат катчысы Бакыт Шүкүралиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, Кыргызстандын командасы 26-декабрда тайпалык мелдештин жыйынтыктоочу бешинчи турунда Непал курамасы менен беттешип, 3:1 эсебинде утуп алды. Натыйжада 11 упай топтоп турнирдик таблицада биринчи орунга ээ болду.

Бүгүн, 27-декабрда Бангладеш командасы менен алтын байге үчүн таймашат. Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы төрт оюнда төрт жолу жеңишке жетти. Төртүнчү турда беш саатка созулган оюнда бангладештиктердин үстүнөн жеңишке жетти. Ага чейин Ооганстан курамасын 3:1, Мальдив оюнчуларын 0:3 эсебинде жеңген. Волейбол боюнча Азия аймактык чемпиондугуна (борбордук бөлүк) Бангладеш, Мальдив аралдары, Ооганстан, Непал жана Кыргызстандын командалары катышууда. Тайпалык мелдештердин жыйынтыгында алгачкы эки орунду алган командалар биринчи орун үчүн таймашса, кийинки командалар коло байге үчүн ойношот. 3-орун үчүн Мальдив аралдары менен Непал курамалары беттешет. (ECh)

Булак: «Азаттык»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу