ММК KG тууралу

Май 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31
26/12 17:13
 

ЕАЭБ: Чек арадан ветеринардык көзөмөлдү алууга Казакстан гана макул болбой жатат

Кыргыз-казак чек арасынан ветеринардык көзөмөлдү алууга Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин баары макулдугун беришти, Казакстан гана макул болбой жатат. Бул тууралуу журналисттерге Кыргыз мамлекетинин экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министри Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, өлкөгө ветеринардык көзөмөл боюнча инспекция келип, анын текшерүүсүнүн жыйынтыгында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер чек арадан көзөмөлдү алууга макул болушкан. ЕАЭБдин Санкт-Петербург шаарында өтчү жыйынында кыргыз тарап бул маселени көтөрмөкчү.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасы аталган альянска 2015-жылдын 12-августунда толук мүчө болгон.

Булак: «Супер-Инфо»

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу