ММК KG тууралу

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
26/12 09:35
 

Доктор Стефанос Кареклас: “Европа Биримдигиндеги өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен бөлүшкөнгө даярбыз”

 Доктор Стефанос Кареклас: “Европа Биримдигиндеги өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен бөлүшкөнгө даярбыз”

Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн орнотууга көмөктөшүү” долбоорунун жетекчиси, юридика илиминин доктору Стефанос Кареклас мырза биздин өлкө үчүн жасаган иштери тууралуу айтып берди. Сот реформасы качан ишке ашат, судьялар качан көз карандысыз болот дегендерге жооп. Көрсө, акыйкаттыкка жетиш, аны орнотуш оңой оокат эмес экен.

- Стефанос мырза, өзүңүз жетектеген долбоор тууралуу айтып берсеңиз? Эмне үчүн башка өлкөгө эмес, Кыргызстанга кайрылып калдыңыздар?

- Европа биримдиги менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгы 1990-жылдарда эле башталган. Ал эми 2013-жылы финансылык макулдашууга кол коюлган. Ал документтер укуктук мамлекетти калыптандыруу жана укукту бекемдөөгө жардам берүүгө арналган. Ушул макулдашуулардын негизинде пайда болгон долбоорду европалык уюмдардын консорциуму- GIZ Германиялык эл аралык кызматташтык уюмунун жетекчилиги ишке ашырып келет.

Биз бир нече компоненттер менен иш алпарабыз.Мыйзамдарды иштеп чыгууга жардам, консультация берүү иштеринен тышкары стратегиялык программа үстүнөн иштеп жатабыз. Ал сот системасын 2017-2020-жылдар аралыгында өнүктүрүүгө арналган. Мындан сырткары сотторду башкаруу, алардын менеджменти, IT технологиялар, электрондук укук коргоо менен да иштешебиз.

Биз судьяларды, адвокаттарды жана прокурорлорду окутуучу үч окуу борбору менен да активдүү иштешебиз. Дагы бир субкомпонентибиз мыйзам жазуунун техникасына арналган, сапаттуу мыйзамдарды кантип жазууга болору боюнча иш алып барабыз.
Биздин талап, ар бир компонент боюнча Европадан негизги эксперт болушу керек, ал улуттук эксперт менен бирдикте иштешет.
Ишибиздин дагы бир бөлүгүндө адвокатура менен кызматташабыз. Кыргызстандын адвокатурасы биздин долбоор иштеп баштагандан кийин түзүлгөн.

Биз Жогорку соттун басма сөз кызматы менен да тыгыз кызматташабыз, бирге көп иш чараларды өткөрдүк. Алдыда дагы толук бир жылдыкплан бар.

- Сиздер сот системасында ушу убакытка чейин кандай реформаларды ишке ашырдыңыздар? Ал эми 2017-2020-жылдар аралыгында конкреттүү кандай иштерди аткарууну алдыга коюп жатасыздар?

- Биз Кыргызстанда иштей баштаганда абдан таң калганыбыз, сот системасы Юстиция министрлигине таптакыр тиешеси жок экен. Ал эми өнүккөн Европа өлкөлөрүндө жана Америкада да Юстиция министрлигинин сот системасына түз тиешеси бар. Көзөмөл кылуу жана кадрдык маселелерде министрлик түздөн-түз сот мекемелери менен иштешет. Бирок анда сот системасы жана судьялар эле каралган. Бул демек, аткаруу бийлиги менен прокуратура бул документтен тышкары дегенди билдирет.
Ал эми убакыт аралыктары тууралуу айтсак, буга чейин 2014-2017-жылдар аралыгында биринчи стратегиялык документ иштеди. Азыр ушунун негизинде эле кийинки үч жылдыкка карата да экинчи стратегиялык документти жумушчу тобу иштеп жатат.
Эми биринчи кабыл алынган документтин маңызына келсек, ал көбүнесе техникалык мүнөзгө ээ. Анда канча имарат керек, кандай эмерек зарыл, имараттарды жабдуу жагына негизги көңүл бурулган. Ал эми алдыдагы документте болсо иштин маңызы негизин түзөт.

- Сиздин Кыргызстанда иштеген эки жыл ичинде биздин сот системасынын абалы кандай жагына өзгөрдү? Судьялардын көз караштары канчалык өзгөрдү деп ойлойсуз?

- Кыргызстандын Жогорку сотунун судьялары компетенттүү деп баса белгилей алам. Булар мөөнөтү аяктаганга чейин иштей алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми жергиликтүү соттун судьялары алгач беш жылга дайындалышат, кийин кайра сынактан өтүүсү зарыл. Эгер судьялар башынан таза, сабаттуу жана сапаттуу тандалып кызматка дайындалышса, алардын карьера жасашына да жол ачылат. Биздин долбоордун негизги максаты- Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга көмөк көрсөтүү. Кыргызстан жакшы реформалардын үстүндө иш алып барууда. Биз кыргыз мамлекети тандап алган долбоорлорду колдоого даярбыз.

Булак: “Эркин Тоо” гезити

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу