ММК KG тууралу

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/12 14:59
 

Күбө: Бишкекте аялына болушкан айдоочу жөө адамды атып салды

23-декабрь. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, айдоочуну милициялар алып кетти.

Бүгүн Бишкектеги Москва менен Ибраимов көчөлөрү кесилишкен жерде айдоочу жөө адамга ок чыгаргандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsАpp каналы аркылуу күбө билдирди.

Анын айтымына караганда, окуя болжол менен саат 11.30дар чамасында болгон.

"Москва көчөсүнөн көп кабаттуу үйлөрдүн короосуна кайрылып бараткан унаанын алдынан жөө адам чыгып калды. Айдоочу ага жол бербей койгонбу, айтор, экөө сүйлөшүп туруп эле мушташа кетишти. Унаада отурган айдоочунун аялы сыртка чыга калып жолдошуна болуша баштады. Тиги адам аялга асыла баштаганда айдоочу жубайына болуша кетип жөө адамды карай ок чыгарды", — деп жазды күбө.
Анын айтымына караганда, окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылып, айдоочуну милициялар алып кеткен. Ал эми айдоочу кош бойлуу жубайына болушуп, аны коргоо үчүн ок чыгарууга барганын айтты.

Булак: Спутник Кыргызстан

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу