ММК KG тууралу

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
22/12 16:25
 

Ош шаарында мал союучу жайлардын бардыгы жабылды

22-декабрь. Мал союучу жайлардан чыккан саркынды суулар жеке турак жайларга кирип кетип жатат.

Ош шаарында мал союучу жайлардын бардыгы жабылды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Кумарбек Исаков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымына караганда, мал союучу жайлардан чыккан саркынды суулар жеке турак жайларга кирип кетүүдө.

"Мындан сырткары, мал союлуучу жайлардын санитардык абалы талапка жооп бербегендиктен жугуштуу оорулардын таркашына себеп болушу мүмкүн. Андыктан адистер Ош шаардык мэриясы менен макулдашып ушундай чечимге келишти", — деп билдирди Исаков.
Эми мал союучу жайлардын ордуна эт комбинаты ишке киргизилип, тиешелүү шарттар түзүлөт. "Ал комбинаттан элге тараган эттин санитардык абалы тыкыр көзөмөлгө алынат. Ошондой эле жумуртка, эт, сүт сатуучу атайын жайларды түзүү демилгеси мэрияга сунушталды", — деди Исаков.

Ал мал союлуучу жайлар жабылгандыктан касапканаларда иштеген жарандар жумушсуз калбай тургандыгын, аларга эт комбинаты ишке кирээри менен жумуш орундар карала тургандыгын белгиледи.

Булак: Спутник Кыргызстан

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу