ММК KG тууралу

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
22/12 12:38
 

Индия Кыргызстандын жаңгагына, балына жана кайра иштетүүдөн өткөн айыл чарба продукцияларына кызыгууда

Президент Алмазбек Атамбаевдин Индияга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында 21-декабрда бул өлкөдө кыргыз-индия бизнес-форуму болуп өттү. Албетте, акыркы 5-6 жылдан бери кыргыз бийлиги тышкы саясатта бир беткей гана саясат жүргүзбөстөн, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү менен тыгыз кызматташта болууну көздөөдө. Ошондой аракеттердин натыйжасында узак жылдардан бери байланыш солгундап кеткен Индия менен да кайрадан алака жанданды. Дүйнөдө калкынын саны боюнча Кытайдан кийинки эле экинчи орунда турган бул өлкө менен соода-экономикалык багытта кызматташуулар күчөсө, Кыргызстан өзүнүн чыгарган продукцияларын Индияга сатса эле жетиштүү болорун айткан эксперттер бар. Себеби 1 миллиард 200 миң калкы бар рынокко кирүү — бул кичинекей Кыргызстан үчүн өтө чоң мейкиндик болуп саналат. Мына ушул багытта Индиядагы бизнес-форумга катышуучулардын сап башында турган ЖИА бизнес ассоциациясынын президенти Умбриэль Темиралиев «Марал. fm» радиосуна маек курган экен. Ошол маекти өзгөртүүсүз беребиз.

— Кыргызстан менен Индия бири-бирин кандай экономикалык шарттар менен кызыктырып жатат?

— Бизге Индия технология, инвестиция жана чоң бир рынок тарабынан кызык болуп турат. Анткени Индияда 1 миллиард 200 миллион адам жашайт. Андыктан алар күн бир сайын бир нерсе жеп, ичиш керек, ишкерлик кылыш керек дегендей. Мындан сырткары Кыргызстан Индияга студенттерин биздин өлкөдөгү медсекторго жибергенинен, биз аркылуу ЕАЭБге өздөрүнүн товарын сатканга аракет кылып жаткандыгынан кызыгып жатат. Дагы бир геосаясий жагдай да бар.

— Кыргызстан үчүн Индия менен экономикалык жаатта кызматташуу канчалык деңгээлде пайда алып келет?

— Бизге аябай чоң пайда алып келет. Анткени Кыргызстан бир беткей саясат жүргүзбөстөн, тышкы соодада башка өлкөлөрдү да караш керек. Эгерде биз Индия менен жакшы байланыш түзүп алсак, Кыргызстан башка өлкөлөргө эмес жалгыз эле Индияга өз товарларын сатса жетиштүү болот. Мисалы, алар азыр биздин жаңгагыбызга, балыбызга, кайра иштетүүдөн өткөн айыл чарба продукцияларына кызыгып жатат. Андан тышкары алар текстилге, фармацевтикага кызыктар болуп турушат. Мындайча айтканда алар өздөрү күнүмдүк эмнени колдонсо ошону Кыргызстандан алып келип, өздөрү колдонгонго даярбыз деп жатышат.

— Индия менен узак мөөнөткө кызматташуу мүмкүнбү?

— Албетте мүмкүн. Эсиңизде болсо Союз кулагандан кийин бир убакыттарда Индия менен тыгыз кызматташып калганбыз. Бирок, тилекке каршы самолөт күйүп кеткен окуядан кийин ишкерлерибиз Индияны жакшы карабай калган. Экинчиден виза боюнча кыйынчылыктар бар болчу. Үчүнчүдөн түз авиарейстер жок болчу. Элчинин жардамы менен авиарейс ачылып, бул Индия менен Кыргызстан жакын өлкө экенин көрсөттү. Бишкектен Делиге 2 саат 50 мүнөттө жетсе болот. Мындайча айтканда ал Стамбул менен Москвадан да жакыныраак.

Булак: focus.kg

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу